Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 1-июнь күнү Карганбек Самаковдун жана аны менен кошо кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандардын үстүнөн чыгарылган Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 19-декабрда Октябрь райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров 2008-жылы Карганбек Самаков жана анын жакындары ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жана анын иниси Жаныш Бакиевге таянып, айыл чарба министри Арстанбек Ногоевдин, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиевдин жана Премьер-министр Игорь Чудиновдун жардамы менен жүздөн ашык гектар жерди өзүнө мыйзамсыз менчиктештирип алган деген айып менен Карганбек Самаковду 10 жылга, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Арстанбек Ногоевди 10 жылга, Игорь Чудинов менен Искендербек Айдаралиевге 5 млн сомдон айыппул төлөөгө өкүм чыгарган. Андан тышкары Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков, анын достору Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Аликбай Сариев жана Карганбек Самаковдун жардамчысы Абай Таштанбековдун ар бири 8 жылдан эркинен ажыратылган.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Карганбек Самаков 2008-жылы Аламүдүн районунун Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнө караштуу “айыл чарба жерлерин” башка “калк отурукташкан жерлер” категориясына трансформациялоо боюнча коррупция уюштуруп, ага Жаныш Бакиевди жана башка кишилерди тарткан. Ал мыйзамсыз трансформациялоочу документтерге Чудинов, Айдаралиев жана Ногоевдер кол коюп беришкен.
2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Жаныш Бакиев качып кетип, анын энчисиндеги ондогон гектар жерлерге да Карганбек Самаков ээ болуп калган жана четинен кертип сата баштаган.
Экинчи инстанция болгон Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин райондук сот соттун өкүмү өз күчүнө кирди.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ