Menu

Игорь Чудинов КР Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан ажыратылат

Бөлүшүү:

Белгилүү болгондой, 1-июнь күнү Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы КР Жогорку Кеңешинин депутаты Игорь Чудиновго каршы Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрда чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды. Анда Октябрь райондук соту Игорь Чудинов 2008-жылы Кыргызстандын премьер-министри кызматында туруп, Бакиевдердин таасири астында атамекенчи Карганбек Самаков уюштурган коррупциялык кылмыштарга көмөк көрсөткөн жана мыйзамсыз чечимдерди кабыл алганы менен айыптуу деп тапкан. Аны мамлекеттин казынасына 5 млн сом айыппул төлөп берүүгө милдеттендирген.

Соттун бул өкүмүнө нааразы болгон тараптар аны Бишкек шаардык сотуна аппеляцияга беришкен. Бирок шаардык сот да райондук соттун өкүмүн туура деп тапты. Мыйзам боюнча соттук чечимдер эки инстанциядан өткөндөн кийин дароо күчүнө кирет жана сот аткаруучулары тарабынан аткарылууга тийиш. Ошондуктан Игорь Чудинов соттолгон жаран катары депутаттык мандатынан ажыратылышы керек.

Экс-генпрокурор Аида Салянова да эки соттук инстанциядан – Бишкек шаардык соттун чечиминен кийин өзү эле арыз жазып, депутаттык мандатын тапшырып кетип калган. Игорь Чудинов кантет экен?

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: