Menu

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Эмне үчүн өкмөт “Эйр Кыргызстандын” директору Жолдош Бектургановду кызматтан албай жатат?”

Бөлүшүү:

“Мен “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы боюнча, анын директору Жолдош Бектургановдун мыйзамсыз иштери тууралу мындан мурун да бир нече жолу парламенттен айтып, алтургай протоколдук тапшырма да бергем болчум, бирок жыйынтык жок,”, – деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 31-май күнү парламенттин жыйынында.

“Урматтуу өкмөттүн өкүлү, буга чейинки өкмөткө да, премьер-министрге да атайын протоколдук тапшырма берилген. Бирок “Эйр Кыргызстандын” жетекчиси Жолдош Бектургановдун мыйзамсыз айлык алганы боюнча, “Боинг-737″ самолетун араб өлкөлөрүнө субарендага берип, жеке өзүнүн кызыкчылыгына пайдалангандыгы боюнча, бир самолетту мотору жок алып койгондугу боюнча маселелерди көтөргөнбүз. Бирок качан чечесиздер? Качан авиакомпанияга кесипкөй, ишти билген авиаторлорду жетекчи кылып алып келесиздер? Ушул боюнча мага жооп берип коюңуздарчы, эмне үчүн ушул күнгө чейин Жолдош Бектургановду кызматтан албай олтурасыздар?” – деп сурады депутат Тазабек Икрамов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: