Бүгүн, 3-июнда Бишкектин Тыныстанов/Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп өткөн укук коргоочу Чолпон Жакупованын энесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген экс-мэр Нариман Түлеевге ал жерде чоогу турушкан экс-премьер Сапар Исаков менен президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев учурашууга аракет кылып, колдорун бир убакытта сунуп жиберишкен. Бирок, экс-мэр Нариман Түлеев аларга кол бербей “Силер кол бере турган, учураша турган адам эмессиңер! Силер акмаксыңар!..” деген сыяктуу оозго алгыс ачуу сөздөрүн айтып, ары басып кеткен. Бул тууралү биздин булактар кабарлашты.
Осол боло түшкөн Сапар Исаков менен Данияр Нарымбаев да Нариман Түлеевдин артынан заар сөздөрүн чачыратып калышкан. “Бирок мушташ болгон эмес” дейт.
Бул тууралу экинчи тараптын пикирин билели деп Данияр Нарымбаевге чалсак, ал киши телефонун албай жатат.
Баарынан кызыгы, укук коргоочу Чолпон Жакупованын энесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына экс-премьер Сапар Исаковдун келиши көп суроолорду жаратат. Бир кезде бийлик колунда турганда Сапар Исаковдун командасы укук коргоочу Чолпон Жакупованы жакшы эле куугунтукташпады беле? Эми бийликтен кеткенде гана адамгерчилик тууралу ойлонуп калыштыбы?
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ