Menu

Кытай Кыргызстанга 70 миллион доллар грант бөлөт

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрү эки келишимге кол коюшту. Анын алкагында Пекин Бишкекке 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) грант берет.

Экономика министрлиги билдиргендей, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Анын алкагында 350 миллион юанга Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот.

Мындан тышкары, Кум-Дөбө (Кочкор Башы), Мынакелди жана Бурана (Баласагын) шаарчаларындагы археологиялык казуу, реставрациялоо, консервациялоо иштери үчүн 100 миллион юань бөлүнөт.

Экономика министрлиги Бишкектеги жолдорду оңдоо иштери үч фазада ишке ашарын, учурда биринчи баскычтагы жумуштар жүрүп жатканын түшүндүрдү. Гранттык 350 млн юань кайсы фазада колдонулары кошумча келишим менен аныкталат.

2018-жылы Бишкекте 105 чакырымга созулган 50дөн ашуун көчөнү оңдоо пландалууда.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: