Menu

“От болдум, мен “шок” болдум”

Бөлүшүү:

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин l-бөлүгү (Коррупция) менен кылмыш иши козголду. Мындай олуттуу айып коюлган мурдагы чиновник буга чейин үч ирет сурак берип чыккан. Калп айткан менен болобу, экс-премьер-министрге күнөөсүн тастыктаган айып коюлду. Бирок, Сапар Исаков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, «шок» абалына түшүп калганын билдирүүдө. Ошол эле кезде социалдык тармактарда Сапар мырзанын айыбын ачкан тасмалар да тарап жатат. Маселен ал телека-налдардын бирине берген маегинде миллиондогон доллар уурдалган Тарых музейин реконструкциялоонун башында турганын, ага куратор болгонун айткан. Бул тасма интернет айдыңында хитке айланган. Мындан сырткары, Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна курулган ат майданды да көзөмөлдөп, андан башка чет элден келген акчаларга курулган ири мамлекеттик долбоорлорго кураторлук кылыптыр. Эсиңиздерден чыгалек, Кыргызстандагы алгачкы коррупциялык жаңжал 2018-жылдын январь айында Бишкек ТЭЦинен чыккан.

Катуу суукта кыргызстандыктар жарыксыз, жылуулуксуз калып, жыйынтыгында жаңыдан оңдолгон ТЭЦтин айыбы ачылды. Ал жерге да алгач айыбын сезгендей Сапар Исаков жетип барып, түзүлгөн кырдаал боюнча шаардыктардан кечирим сурап, күнөөсү бар экенин моюндаган. Албетте, бул иш боюнча тергөө уланууда, акыр аягында канча адам темир тор артына камаларын азырынча айтуу эрте. Бир гана байкалганы, масштабдуу жүрүп жаткан коррупцияга каршы курөштүн негизинде дагы чуулгандуу иштер ачыкка чыгары күтүлүүдө, мурдагы чиновниктердин далайынын кулактары көрүнөт окшойт. Бул да болсо эски бийликтин тушунда укук коргоо органдарынын тандалма күрөш жүргүзгөнүнүн кесепети экенин тастыктайт. Кыргыз тилдүү социалдык тармактарда азыр «бардык чиновниктер паракорчулукка жана уурулукка барган. КСДП уурулардын башында туруп, аны гүлдөттү. Бул үчүн партиянын лидери сот алдында жооп береби же суудан кургак чыгабы?» деген сындуу суроолор берилүүдө. «Алтын таажылуу» бажычынын кармалышы анын үйүнүн видеосу кыргызстанлыктарды чынында тан калтырды. Бул иштер да өзүнчө каралса деген тилек. Кандай болгон күндө да баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз. «Алтын» жана «бриллиант» болгон ысымдар да кылган иштери үчүн сот алдында эртеби-кечпи жооп берип, ачылган кылмыш иштер аягына чыгышы керек. Эл чындык менен акыйкатты күтүп жатат. Тандаган жолуңуздан тайбаңыз урматтуу Президент!

Нургазы Айтмырзаев

Булак: De-Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: