Menu

Талгат Нигматуллиндин өлүмүнө эмне үчүн устаты Абай Бөрүбаев күнөлүү деп табылган? Академик Бөрүбаев сыр ачты…

Бөлүшүү:

Теңдешсиз таланты менен бүткүл Союзга жарк эткен жердешибиз Талгат Нигматулин мыкты актерлук чеберчиликтин аркасында көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап, далай жаштардын кумирине айланып, өз маалында жылдыз болуп жанганын билебиз. Атургай азыр да Талгат агабыз боюнча маалымат айдыңында түркүн сөздөр тынбай айтылып, эмгектер байма-бай жазылып жаткан чагы. Бири кем дүйнө дегендей, жалпы эл үчүн эң эле өкүнүчтүүсү, жаштайында жайраган өмүрү. Эмне үчүн, кандай негизде киши колдуу болгону бүгүнкү күнгө чейин түйүндөлгөн табышмакка айланып, бирине экинчиси карама-каршы келген түрдүү божомол менен жоромолдорго чулганып келет. Албетте, кайгылуу окуя алдакачан эле тергелип, соттун өкүмү чыгып, күнөөлүү деп табылгандар өз жазасын алган.

Алардын эң башкы каарманы катары биздин дагы бир жердешибиз Абай Бөрүбаев айтылат. Ал биздин көрүнүктүү окумуштуу, дүйнө жүзүнө белгилүү илимпоз, жылдызга ысымы ыйгарылган агабыз Алтай Бөрүбаевдин бир тууган иниси экенин көпчүлүк анчейин билбейт. Биз окуянын чоо-жайын тереңирээк билүү үчүн агайга бир нече ирет кайрылып, унчукпаган заман өттү, бир жактуу маалыматтар токтой элек, иниңиз боюнча сыр ачсаңыз, коомдун таразасына коёлу, кантип эле сиздей акылман кишинин кандашы мерез болсун, тектүү жердин тукуму кантип мыкаачыга айлансын, таржымалын ортого салыңыз дедик. Анда тагдырдын оор сыноосуна кабылган Абай Бөрүбаевдин бала чагынан баштап өмүрүнүн аягына чейинки урунттуу учурларды карачечекей агасы Алтай агайдын оозунан угалык. Өткөн күн менен бир боорун эстегенде агайдын каңырыгы түтөп, көзүнөн жаш шорголоду.

Сөз башында кыстара кетсек, 1980-жылдардын ортосунда катталган каргашалуу окуяда ала калган, суроо жараткан жерлери арбын экени барына маалым. Эл оозунда элек жок дегендей, түрдүү пикирлер, божомолдор айтылып келет. Алардын арасынан даректүү маалыматтар топтолгон Википедияга көңүл бөлсөк, «белгилүү актер Талгат Нигматулин 80-жылдардын башында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын тургуну Абай Бөрүбаев жана Каракалпакстандын борборунан келген элдик табып Мырза Кымбатбаев түзгөн сектага кирген. Ал сектада журналисттер, жазуучулар, сүрөтчүлөр болгон. Алар «төртүнчү жол» деген аталыш менен эзотериканы окуткан» деп жазат. Бул жерде дароо суроо туулат, эгер акылга шайкеш келбеген секта болсо, ондогон журналист, жазуучу, сүрөтчүлөр эмнеге кирген деген. Мында чоң руханий азыктануу жаткан жокпу?

Экинчиси, Талгат Нигматулин менен Абай Бөрүбаев абдан жакын дос экени, ал гана эмес, устат менен шакирт болгону бут ММКларда айтылып келет. Муну 1981-жылы Абайды башкы каармандын бири кылып Талгат Нигматулин тарткан 10 мүнөттүк «Эхо» деген даректүү тасма эң сонун тастыктап турат. Эгер ортодо кандайдыр бир карама каршылык болсо тасма жаралмак эмес. Экөөсү кайым айтышып, урушканы да эч бир жерде белгиленбептир. Окуяга анализ берген серепчилер кайгылуу өлүм көралбастыктын айынан болду деген божомолду бетке карманган. Талгаттын элдик кишиге айланып кетишине ичи тарып, өмүрүн соолутту деген ой жорумду элге жайылтылып келди. Мындай бүтүм көп суроону жаратат, шакиртине карата ичтардык болушу мүмкүнбү?

Википедияны уласак, «1985-жылы февралдын башында Абай менен Мырзанын «мектебинде» ажырым пайда болуп, Вильнюстагы окуучулардын бир нечеси сектадан кол үзүүгө аракеттенет. Ал жерге Абай өзү барып, моюн толгогондорду акчага «сындырайын» деген максатта Талгатты чакыртат, ал рэкетчиликтен баш тартат. Мунусу үчүн өмүрү менен кош айтышкан» деп жазат, бул жерде дагы акылга байланбаган учур бар, анткени секта түзгөн деп айтылган жерге белгисиз себептерден улам рэкетчиликти кыпчыган. Негизи рэкетчилик өкүм сүргөн чөйрөгө журналисттер, жазуучулар, сүрөтчүлөр чогулбайт. Окуяга тон бычып, бүкүлү бойдон баалагандар кандай максатты көздөшкөн?

Уландысы кийинки санда

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: