Menu

Мээрбек Мискенбаев Асылбек Жээнбеков берген 500 миң сомду жеп алып, качып жүрөт

Бөлүшүү:

-Марипа эже, Мискенбаев боюнча иштер эмне болуп жатат?

-Мээрбек Мискенбаев боюнча өткөндө гезитиңерге кыскача айтып бердим. 2 млн 316 миң сомдун дайыны чыкпай калды. Анткени булар “чёрный” бухгалтерия менен иштешиптир. Ошентип, бул акчанын жыты да жок болуп жатат. Эки миллиондон сырткары, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков тарабынан бөлүнгөн 500 миң сомдун да отчёту жок болуп жатат. Бул акча 2014-жылы августта “Айкөл Ала-Тоонун” счётуна түшүп жатат. Бул акчалар 7-апрелде жарадар болгон он бир балага бөлүнүп берилиши керек болчу. Муну УКМК текшерип чыкты. Мискенбаев, Жамгырчиев, Баткуловдор он бир кишиге бериле турчу акчаны бербей өздөрү жеп алышкан. Бирок кээ бир документтерге “балдар акча алышкан” -деп көрсөтүшкөн. Чынында ал балдар бир тыйын да алышкан эмес. Керек болсо ал балдар спикер Асылбек Жээнбеков тарабынан 500 мин сом которулганын билишкен да эмес. Ооба. Учурда Улуттук коопсуздук кызматы бул иш боюнча текшерип жатат. Президент, “жабылып калган кылмыш иштерин кайрадан карагыла” – деп айткан. Ошонун негизинде кайрадан текшерип, иликтеп чыгышып, чындыгында кылмыш белгилери бар экендигине ынанышты. Учурда текшерип бүтүштү, эми кылмыш ишин козгоо үчүн материалды жөнөтүштү.

-Учурда Мискенбаевдин реакциясы кандай болуп жатты экен?

-Сокулукта отуздан ашык балдар бар. Мээрбек Мискенбаев, Амантур Жамгырчиев дегендер ошол Сокулуктун балдарына барып жолугуп, кой союп берип сыйлашып, арткы число менен “акча алдык” – деп кол койдуруп алышыптыр. Тиешелүү акчаларын кайтарып берип жатышыптыр. Ошол акчаларды 2014-жылы эле берип койсо болмок да. Качан гана жанына күч келип, соттолуп кеткенден коркуп, алган акчаларын кайтарып берип баштаптыр. Мээрбек буга чейин бийлигине таянып өз билгенин кылып келгендиги даана көрүнүп турат. Деңгээли кандай экенин көрсөттү, 7-апрель окуясында жарадар болгон байкуш балдардын акчасын жеп алганы адамдык касиетке жатабы? Кээ бир балдарга барып, “2104-жылы акча алганбыз” – деп кол коюп бербесең ишиң чатак болот” – деп коркутуп жатыптыр. Көрдүңөрбү, төрт жыл мурда бериле турчу акчага эми документ жасап жатканын. Бул жерде одоно түрдө мыйзам бузулуп жатат.

-Эки миллиондун тагдыры эмне болот эми?

-Эки миллион сомду Өкмөттүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерип чыгып, бир дагы кириш-чыгыш документтери, расходный кагаздары жок болгондугуна байланыштуу, он пайыздык өлчөм менен айып пул салган. Булар айып пулду төлөп беришкен. Демек, күнөөлөрү бар экенин, мыйзамды бузгандарын моюндарына алышкан. “Мен эки миллион акчаны жеп койгонум чын” – деп. Антикоррупционный кызматтанда маалымат келген. Чындыгында эки миллион акчанын дайыны жок болуп чыккан. Бирок, кылмыш иштери козголгон эмес. “Айкөл-Ала Too” коомунун счётуна түшкөн миллиондордун баарысы дайыны жок болуп кеткен. Мына карагылачы, акча тууралуу квитанцияларды. Ортолорундагы квитанциялары жок. Ал жерде канча акчалар алынгандыгын эч ким билбейт. Фонд Салык кызматына нөл менен отчёт берип турган. Ошол эле маалда счётко миллиондор кирип-чыгып турган. Мискенбаев эч кимди көзго илбей, көөп жүргөн ошол учурда. Ушул чындыктарды айтканым үчүн менин артыман түшүп, куугунтуктап жүрөт. Мен да жарадар болгом. Мискенбаевдин айынан өзүмө тиешелүү жардамдарды алалбай келем. Үч жылдан бери жашаган даректеримди, телефон номерлеримди жашырып жашап жүрөм. Кайсыл жерге барбайын жолума бут тосуп, жолумду жаап таштаган. “Тапанча таап, Марипа эженин көзүн тазалаш керек” – деп айтыптыр. Азыркы учурда Сооронбай Жээнбековго ишенип турам, акыйкат чечим чыгарат деп. Эски бийлик кеткенден бери терең дем алып жашап жатам. Менин издегеним эле чындык!

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: