Menu

Азамат Болгонбаев, төкмө акын: Байкоочу Кеңеш мыйзамда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүгүн толук колдонбой келет

Бөлүшүү:

-Азамат мырза, КТРК башчысы Илим Карыпбеков Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн колго алып койду дегенге кандай карайсыз? Сизден башкасы жетекчиге баш ийип бериштиби?

– Байкоочу кеңеш негедир мыйзамда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүгүн толук колдонбой келет. Биздин негизги максат- КТРКнын ачык-айкындуулугун, коомдук деген статусуна жооп берүүсүнө аракет кылышыбыз керек. Биздин милдет мыйзамда так жазылган. Бирок негедир башкы директордун жетегине кирип кеткендер да, кайдигерлер да жок эмес. Колго алып койгондору да болсо керек, бирок кимдер экенин так айта албайм.

– Жакын досуңуз Шайырбек Абдрахман уулу КТРКга башкы директордун радио боюнча орун басарлык кызматына барды. Эми ал досуңуз аркылуу телеканал жетекчилиги сиздин нааразычылыгыңызды басаңдатууга аракет жасабайбы?

– Шайырбек Абдырахман уулун колдойм, бирок КТРКда кетирилип жаткан кемчиликтерди айтпай коё албайм. Чындык баарыбыз үчүн чындык, ал өз мезгилинде айтылып туруусу кажет.

– “Болгонбаевдин каршы болгонунун себеби, артында жакын агасы, устаты депутат Садык-Шер турат, Садык-Шер менен Илим Карыпбековдун жеке мамилеси анча жакшы эмес”деген кепти КТРК тараптагылар айтышууда. Буга кандай жооп айта аласыз?

– Садык Шердин КТРКга нааразычылыгы жок, жалган жалаа жапканы, акты кара деп маалымат берген журналисттерди коргогону үчүн жетекчиликке нааразы. Бир жыл ичинде мен тараптан айтылган сын-пикирлердин бирине да Садык агабыздын тиешеси жок. Ал эми КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековго депутаттардын бир тобу, КТРК жамаатынын кыйласы нааразы.

– КТРКда техникалык жетишкендик алга жылганы менен чыгармачылык жагы жылбай турганы кеп болууда, Байкоочу кеңештин башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу сиз чыгармачыл инсансыз да, телеканалдын чыгармачыл жагына кандай баа бересиз?

– Негизи Байкоочу кеңеш редакциялык саясатка аралаша албайбыз. Бирок көпчүлүк учурда алака түзүп, чыгармачылык багытта иштешип келебиз. Буга чейин жаңы жылдык иш-чараларда акча берип ар ким ырдай берген, быйыл Айбек Карымов экөөбүздүн сунушубуз менен бул нерсе токтоду, келечекте уланбайт деп үмүт кылабыз. Руханий жактан багытты КТРКнын жетекчилиги бере албай жатат, себеби Карыпбеков бул багыттан тышкары келген адам. КТРК бир гана журналистикага таянбаш керек, бул жакта руханий баалуулуктар, улуттук мурастар, түгөнбөс улуу казына сакталып жатат. КТРК мамлекеттин коопсуздугун сактаган жай. Улуттун улуулугун даңазалаган жер. Бул жерге кыргыздын рухун, улуулугун, бийиктигин жана журналистиканы кеңири түшүнгөн инсан келүүсү шарт.

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: