Menu

Журналисттик иштен бийликке чейинки жол

Бөлүшүү:

Никол Пашинян

2018-жылдын 8-майында “Елк” фракциясынан талапкерлигин койгон Никол Пашинянды Армения парламенти республиканын премьер-министри кылып дайындады. Ал үчүн парламенттин 59 депутаты макул деген добушун берди. (Өтүү үчүн 53 добуш жетиштүү болмок). Кезексиз шайлоо өлкөнүн мурдагы Президенти, жаңы дайындалган премьер-министр Серж Саргсяндын отставкага кеткенине байланыштуу өткөн.

Калыптануусу

Никол Воваевич Пашинян 1975-жылдын 1-июнунуда Иджеване шаарында туулган. 1991-жылы Ереван мамлекеттак университетинин филфагынын журналистика бөлүмүндө окуп жүрүп, гезиттер менен кызматташып баштаган. 1993-жылдан баштап «Учеба», «Вести», «Вести дня», «Планета» гезиттеринде иштеген 1995-жылы саясий көз караштары үчүн окуудан чыгарылган.

Журналисттик ишмердүүлүгү

1998-жылы «Күндөлүк» аталышында бийликке оппозициялык маанайдагы гезитти уюштуруп, ага башкы редактор болгон. Армениядагы журналисттердин ичинде оппозициялык маанайдагы белгилүү журналист болууга жетишкен. Бир канча жолу жалганчылык жана кызматтык кадыр-баркка көлөкө түшүрүү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып турган. Пашиняндын «Күндөлүк» гезитине Улуттук коопсуздук кызматы жана ИИМ министри доо коюп турган. Ал 2007-2008-жылдары Армениянын премьер-министри, 2008-2018-жылдары Президент болгон Серж Саргсянга каршы ачык эле материалдарды жазып чыгарып турган. 1999-жылы жалган маалымат таратуу, ачык каралоо, сот өкүлдөрүнүн кызматтык аракеттерине каршылык көрсөтүү деген күнөө менен анын басылмасына тинтүү жүргүзүлүп, өзүн бир жылга камакка алышкан. Ушул жылы анын гезити бийлик тарабынан жабылган. Бирок ушул эле жылы Пашинян кайра курчуп, жумалык «Айкакан жаманак» «Армян мезгили» деген газетаны ачып, аны 2012-жылга чейин иштеткен. Андан кийин аны аялы Анна Акопян алып, ушул күнгө чейин гезиттин башкы редактору болуп иштеп келатат.

2004-жылдын 22-ноябрында Еревандын борборунда анын «Армян мезгили» гезитинин редакциясына жакын жерде Пашиняндын автоунаасы жарылган. Бул учурда машинада эч ким болгон эмес. Журналист өз өлүмүнө кол салган бул окуяга ишкер Гагик Царукянды күнөөлөгөн.

Саясий карьерасы

Никол Пашинян 2006-жылы «Альтернатива» деп аталган коомдук-саясий демилгенин түзүүчүлөрүнүн бири болгон. Шайлоонун алдында «Импичмент» деп аталган саясий партиялар менен биргелешкен келишим түзүп, аны жетектеген. Ага Консервативдер партиясы жана «Демократиялуу Мекен» партиялары кошулган. 2007-жылдын май айында өлкөнүн Президента Роберт Кочарян жана премьер-министр Серж Саргсяндын отставкасын талап кылган анын биргелешкен келишимдеги тобу парламенттик шайлоонун алдында утулуп калган. Пашинян добуш берүүнү бурмалашты деп Еревандагы Эркиндик аянтына нааразычылыгын билдирип чыккан. Анын парламентке жаңы шайлоо өткөрүлсүн деген талабын четке кагышкан.

2008-жылы Пашинян мурдагы өлкө башчысы эми президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Левон Тер-Петросяндын шайлоо алдындагы штабына кирген. Бирок 19-февралдагы президенттик шайлоодо премьер-министр болуп иштеп турган Серж Саргсян 52,82% менен өлкөнүн Президенти болуп шайланган. Тер-Петросян утулуп калгандан кийин Пашинян жана мурдагы президенттин тарапташтары шайлоонун жыйынтыгына каршы аракеттерди өткөрө башташкан. Ереванда массалык түрдө каршылык акциялары күч органдары менен таркатылган. Митингдин катышуучуларын 1-мартта ок менен атышып, 10дой адам өлүп, бир канча жүздөгөн адам жарадар болгон. 2-мартта бийлик өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизип, жашырынып калган Пашинянды издей баштаган. 2009-жылы ал колго түшкөн. 2010-жылы ал үй камагында болгонуна карабай Армениянын улуттук кеңешинин шайлоосуна № 10-шайлоо округу боюнча Левон Тер-Петросяндын Армян улуттук конгрессинин колдоосу менен катышкан. Бирок шайлоодо «Улутгук биримдик» партиясынын мүчөсү Ар Симонянга утулуп калган.

2010-жылы Пашинянды массалык баш-аламандыктарды уюштурду деген күнөө менен жети жылга эркинен ажыратышкан. Түрмөдө бир жылдан ашык отургандан кийин Армения көз карандысыздыгынын 20 жылдык урматына ага амнистия беришип, 2011-жылы түрмөдөн бошотушкан. Камакта отурганда «Айкакан жаманак» гезити үчүн «Түрмө күндөлүгү» деген макалалар сериясын жазып турган. Түрмөдөн чыгаар менен саясий ишмердүүлүккө активдүү аралашып, Армян улуттук конгрессинин митингдерине катышкан. 2012-жылы Армения улуттук конгрессинин атынан Армениянын улуттук жыйынына депутат болуп шайланган. Парламентте тышкы байланыштар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын жана этика маселелери боюнча убактылуу комиссиянын мүчөсү болгон. 2013-жылы Армения улуттук конгресси ушул аттагы партия болуп кайрадан катталып, башына Тер-Петросян отурган. Пашинян АУК төрагасы менен келише албай, жаңы мекемеге кирүүдөн баш тартып, АУКтун депутаттык фракциясынын мүчөсү болуп кала берген. Алардын каршы пикири АУК өзүнөн президенттик шайлоодо талапкер чыгарбай турган болгондо чыккан. Пашиняндын Тер-Петросян менен болгон мамилеси 2015-жылы биротоло үзүлгөн. Андан соң ал «Жарандык келишим» деп аталган жаңы оппозициялык күчтүн түзүүчүлөрүнүн бири болгон. 2017-жылы парламенттик шайлоонун алдында «Елк» («Чыгуу») блогун түзгөн. Ага «Жарандык келишимден» сырткары «Республика» жана «Маалыматтуу Армения» партиялары кошулган.

2017- жылы Пашинян № 4-бир мандатгуу округдан Улуттук жыйынга депутат болуп шайланган. Парламентте 9 кишиден турган «Елк» фракциясын башкарган. 2017-жылы «Елк» блогунун атынан Ереван мэринин шайлоосуна катышып, экинчи орунду алуу менен утулуп калган.

2018- жылдагы чоң өзгөрүүлөр

2015-жылдын декабрында Армения Президенти Серж Саргсяндын демилгеси менен республиканы парламенттик башкаруу формасына алып келүү үчүн конституциялык реформа башталган. Ага ылайык Конституцияга киргизилген оңдоолор 2018-жылдын 9-апрелинде күчүнө кирмек болот. Эми аткаруу бийлигин жетектеген премьер-министрдин колуна баары өтүп, президенттин ыйгарым укуктары азайтылган. Бул учурда оппозиция жана Пашинян конституцияга киргизилген өлкөнү өзгөртүү аракетине каршы чыгып, Саргсян башында турган Армениянын республикалык партиясы өз бийлигин уланткысы келип жатат деп айтып чыккан. 2018-жылдын 31-мартында Пашинян «Менин кадамым» аталышында акция уюштуруп, Саргсян премьер-министр болуп дайындалып кетпесин деген каршылыктарын баштаган. Ал өзүнүн тарапташтары менен Армения шаарларына – Гюмри, Ванадзор, Спитак, Дилижан ж.б. эки жумалык жөө жүрүштөрдү уюштурган. 13-апрелде оппозиция Ереванда бийликке каршы митингдерин баштаган. Буга карабай, 17-апрелде өлкөнүн парламенти Серж Саргсянды премьер-министр кылып шайлаган. Бирок элдин толкундоосу токтобой, көчөгө эл батпай, Саргсяндын отставкасын талап кылган. 6 күндөн кийин 23-апрелде Саргсян премьерликтен отставкага кеткен. Ошондо оппозиция элдин атынан Пашинянды премьер-министр кылып дайындоо, убактылуу өкмөттү түзүү, кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүү талаптарын койгон. 30-апрелде «Елк» фракциясы өзүнүн лидерин Өкмөт башчылыгына көрсөткөн. Пашинян пресс-конференцияда «элдин эркин аткаруу үчүн» аны премьер-министр кылып шайлоо керектигин айткан. Анын талапкерлигин колдоп айрым оппозициялык маанайдагы фракциялар кошулган. Бирок 1-майда парламент депутаттары анын талапкерлигине жетишсиз добуш беришип (45 макул, 56 каршы) өткөрүшкөн эмес. 3-майда Пашинян кайрадан расмий түрдө премьер-министрлик пост үчүн талапкерлигин койгон. Ошондо гана парламенттеги 105 депутаттын жарымынан көбү ага добушун берип, Пашинян премьер-министр болуп дайындалды.

Үй-бүлөөсү

Үй-бүлөлүү, үч кызы, бир уулу бар. Аялы Анна Акопян журналист, Пашинян түзгөн «Айкакан жаманак» гезитинин башкы редактору. Улуу баласы Ашот атасы менен бийликке каршы акцияларга катышкан.

Азыркы абалы

Армениянын калкы 3 миллиондон бир аз гана ашат. Эркектери 46,5%, аялдары 53,5%ды түзөт. Премьер-министр Н.Пашинян билимге өзгөчө көңүл буруу керектигин, Арменияда чоң жан дүйнөсү менен кичинекей эл жашаарын, келечекке терең ишеним арткан, адам укугу сакталган демократиялуу өлкө экенин айтып, өлкөдө өтө көп реформаларды жасай алаарын убада кылууда. Ал англис тилинде эркин сүйлөйт.

Эдил Исаков

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: