Menu

Кочкор-Атада 51 жаштагы аял жарым килограмм баңги заты менен кармалды

Бөлүшүү:

Оперативдүү маалыматтардын негизинде Жалал-Абад ОИИБнин Криминалдык милиция кызматкерлери Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүнүн тургуну 51 жаштагы Ю.М аттуу аялдын үйүнө калыстардын катышуусунда тинтүү жүргүзгөн учурда, жашаган үйүнүн ичиндеги шкафтын үстүндөгү нан бышыруучу мечтин ичинде жашырылып турган, атайын оролгон  0,5 килограмм (0.490гр)  болгон “гашиш” баңги заты табылды. Бул туралуу ИИБ басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факты боюнча Ю.М аттуу аялга карата КР Кылмыш Жаза кодексинин 247-беренесинин 3-б. 4-п. менен кылмыш иши козголуп, камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул  айым буга чейин да баңги затына байланыштуу 3 жолу сот жообуна тартылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: