Menu

Сооронбай Жээнбеков: “19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын бөөдө өлүмүнө жол бергендер баары катуу жазаланышы, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкөнүн Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулуктун пикирин эске алуу менен бардык багыттар боюнча, анын ичинде Президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыгын, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар жана милдеттер, “Таза коом” долбоорунун алкагында “Түндүк” программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө ж.б. багыттар боюнча Өкмөттүн ишмердиги кеңири талдоого алынганы тууралуу айтып берди.

Белгиленген бардык багыттар боюнча программаларды жана долбоорлорду натыйжалуу жана өз учурунда ишке ашыруу үчүн Өкмөт ачык-айкын кадамдарды иштеп чыкты.

Экономика чөйрөсүндөгү маселелер, инвестициялар үчүн жана туризмдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, туристтик мезгилде жарандардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун күчөтүү, жолдордогу коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле социалдык тармактын маселелерине, анын ичинде балдарды коргоо маселесине да токтолду. “Балдар үйлөрүндө жана интернаттарда ата-энесинин экөө тең бар туруп, тирүүлөй жетим болуп калган балдар томолой жетим балдарга караганда бир нече эсе көп. Жылдан-жылга балдар үйлөрүнүн саны да көбөйүп жатат. Алардын санын кыскартыш үчүн бул системаны реформалоо керек, бала асырап алуу системасындагы бюрократияны азайтуу зарыл. Балдар интернаттарда жана балдар үйлөрүндө эмес, үй-бүлөлөрдө чоңоюшу керек. Анткени Кыргызстанда бала багып алгысы келгендер көп”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга  өзгөчө көңүл бурду.

Ал бул окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи. “Милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана өз ишин билбестиктен улам болгон бул окуяга коомчулуктун кыжырданып жатышын туура түшүнүү керек. Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек. Алар кызматтарынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын коомчулук күтүп жатат. Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартипти бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү зарыл”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал балдар менен үй-бүлөнү коргоо, балдар жана аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган мыйзам базасын жакшыртуу маселесин карап чыгууну сунуш кылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул окуя болгон эле күнү дароо жыйын өткөрүп, бул ишти өз көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Ошондой эле балдарга жана аялдарга карата зомбулук фактылары боюнча дагы чечкиндүү чараларды көрүү боюнча жыйындар өткөрүлгөн.

Ал Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуянын мындан ары кайталанбашы үчүн чечимдер кабыл алынып, буга жол берген ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерге карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Өкмөттүн 2017-жылы кабыл алынган 2017-2028-жылдарга карата үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча Программасын ишке ашырууну жеке көзөмөлүнө ала турганын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: