Menu

Милициянын кабинетинде каза тапкан Бурулай тууралу жакындары эскеришет

Бөлүшүү:

Айпери Турдалы кызы, маркумдун эжеси: “Марс Бөдөшөв аттуу баладан качып менин үйүмдө да жашап калган”

-Сиңдим Бурулай Марс Бөдөшов аттуу бала менен сүйлөшпөй, ал баладан качып жүрчү. Ошол жигиттен качып, Туңгуч кичи районунда менин үйүмдө да жашап жүрдү. Бул жигит биринчи жолу ала качып бара жатканда, атам жарым жолдон тосуп, сиңдимдин макул эместигин уккан соң, баланын үйүнө жеткирбестен алып келген. 9-май күнү сиңдиме куда түшүп, сөйкө салып кетишкен. 25-августка үйлөнүү үлпөт тоюн белгилегенбиз. Экинчи ирээт 27-май күнү, кечки саат ондор чамасында ала качып кеткен. Атам милиция кызматкерлерине кабар берип, ала качып бара жаткан балдарды Сосновкадан кармашкан. Кара-Балта РИИБинин бөлмөсүнө экөөн киргизип, кызматкер сыртка чыгып кетет. Марс ошол замат бөлмөнүн эшигин жаап, сиңдиме бычак сайган. Милиция кызматкерлери бөлмөдөн чыккан ачуу кыйкырыкты укканда чуркап келишип, эшикти талкалап киришкен. Бирок, бары кеч эле. Бөлмөдө сиңдим канга боюлуп жаткан. Мусулман болгондон кийин маркумду майрам сууга алат эмеспизби. Төш көкүрөгүнө «Н+БөС» деп катуу, учтуу предмет менен жазма түрүндө жазган экен. Болочок күйөө балабыздын ысымы Нурлан эле. «Нурлан+БурулайөСүйүү» деп жазганы го, сыягы.

Медициналык окуу жайды ийгиликтүү аяктап, ак жоолук салынып, мыкты келин болом деген тилеги орундалбай өтүп кетпедиби (ыйлап)!

Алтынбек, маркумдун жездеси: «Милиция кызматкерлеринин шалаакалыгынын айынан он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кызыбыздан айрылып отурабыз»

-Окуя 27-май күнү кечки саат тогуз жарым, ондор чамасында башталган. 240-маршруттук каттамдын айдоочусу Марс Бөдөшов аттуу жигит балдызым Турдалы кызы Бурулайды ала качкан. Ошол замат 102 кызматына телефон чалып, машиненин маркасын, өңү-түсүн жана номурун айтканда, милиция кызматкерлери Сосновкадан кармаган. Тилекке каршы, сүйүнүчтүү кабар көпкө узаган эмес. Кара-Балта РИИБинин милициясы Марстын чөнтөк-башын текшерип, колуна кишен салбастан, Бурулай менен бир бөлмөгө киргизип койгон. Түнкү саат он экилер чамасында Кара-Балта РИИБине жетип барып, таң агарган маалга чейин оорукана менен РИИБдин ортосунда ары-бери жүрдүк. Милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кызыбыздан айрылып отурабыз (көзүнө жаш алып). Көкүрөктү куйкалаган күйүттүн жалынын эч ким баса албайт. Бирок мыйзам чегинде күчөтүлгөн режим менен кылмышкерлер жана окуяга катышкан милиция кызматкерлери жоопко тартылсын.

Маркумдун энеси: “Бул жерде акча, жеке кызыкчылык роль ойногон»
-Кызымдын көкүрөгүнө «Н+-БөС» деп жазып, бычак менен 3 жолу сайганча милиция кызматкерлери кайда жүрдү ыя?! Эмне себептен баланын чөнтөгүн текшерип, колуна кишен салган эмес?! Мыйзамдын ар бир беренесин билбесем дагы, кылмышкер катары кармалган адамдын чөнтөгүн текшерип, колуна кишен салаарын билемин. Бул жерде милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынын айынан кызымдан айрылып турам. Кызым Бурулай менен Марсты эмне үчүн бир бөлмөгө киргизип, экөөн жалгыз таштап кеткен?! Бул жерде акча, жеке кызыкчылык роль ойногон. Кызымды бычактаган бала менен милиция кызматкери жоопко тартылсын, мыйзам чегинде жазасын алсын!

Кечинде телефонума белгисиз номур чалып «Эже, кызыңыз алакачып бара жаткандар кармалды. Кызынызды биз карап турабыз» деп кабарлады. Кызыма «балам, амансыңбы?» деп сүйлөшкөнүмдө «апа бары жакшы” деди. «Эже, туура Кара-Балта РИИБине келиңиз, кызынызды ошол жерден алып кетесиз. Балдарды камап коёбуз» деди. Кызым РИИБден кайра чалды «апа келе жатасызбы?» деп, ошондон кийин эле байланыш үзүлдү. Биз менен бара жаткан кызматкерлер «ооруканага айдагыла» дегенде, «кызым кайда?» дедим. «Кызыңызга бара жатабыз» деп коюшту. Кызматкерлер ары-бери басып жүрүштү. Чыдамыбыз кетип «кызым кайда?» деп сурай баштаганымда. «Кара-Балта РИИБине айдагыла» деди. Ары-бери басып жүрүштү, мен күйөө баламдын машинесинде күтүп олтурдум. Чыдамым кетип, посттогу балага барып «айланайын, кызым орозо болчу, оозун ача элек эле. Жука кийим менен башына чачык ороп душтан чыккан» десем, «эже, күгүп туруңуз» деп койду. Саатты карап олтурдум, эки саат өттү. Посттун дарбазасын жиним менен түртүп «мен ушундай жиндимин, мылтыгын менен атсан ат, соттосон сотто. Мен кызымды көрүшүм керек. Кач, начальнигине өзүм барам» дедим. Бир маалда  «байке кирсин» деп жолдошумду киргизип кетти 15 мүнөт кармап, заявления жаздырып чыгарып жиберди. 20 мүнөт өттү, тактап айтканда,түнкүсаат 3:05 мүнөт өткөндө жолдошумду кайра алып кирип кетти. «Кызыбыз аман, бейбаштык  кылып колун катуу кайрып коюптур. Ооруканага кеттик» деди. Реанинимация бөлүмүндө врач олтурган  экен «кана менин кызым?» дедим.  «Азыр укол алып уктап калды » деп койду. Бир саат өткөндөн кийин «сиз үйгө бара бериңиз, кызыңызды таң эрте чыгарабыз» деп мени  алдашыптыр. Көрсө кызым эчак эле өлүп калган экен. Кызымдан айрылганыма ишенбейм, ишенгим да келбейт (буркурап ыйлап).

Маркумдун атасы: “Бул иштин аягына чыгам, сөз берем”

-Тактап айтканда, 27-май күнү  күүгүм кирип калган маалда кызымды дүкөнгө айранга жөнөттүм. Жолго чыкканда эле кызымдын ачуу кыйкырганын угуп, чуркап чыктым. Сыртта досун күтүп турган коңшу жигит машинеге чуркап барып, машиненин эшигин тартканда катуу ылдамдыкта айдап кетет. Бактыга жараша коңшу жигит машиненин өңү-түсүн, номурун жаттап калган. Дароо 102 номурга  чалдым. Марс Бөдөшов аттуу жигит 240-маршруттук каттамда айдоочу болуп иштейт. Марсты жакшы тааныйм, дегеним, кызым Бурулайды экинчи ирээт алакачышы. Бириничи жолу алакачканда, жарым жолдон тосуп алып, балам бул жигитти чындап сүйсөң өз каалооң менен кетип жатсаң мен каршы эмесмин» десем, «ата, мени алып кетиңиз» деди. Ошондо Марска «кызымдын көңүлү жок экен, зордоп бере албайм. Кызым көңүлүнө жакканын тандасын» деп айткан элем.

Кылмышкерлер жана милиция кызматкерлери мыйзам чегинде жазалансын. Ошол окуяга күбө болуп катышкан милиция кызматкерлери бул кызматты мындан ары аркалабасын! Эл ишенген кызматкерлердин шалаакылыгынын айынан кызыман айрылып турам. Марс Бөдөшовдун өзүнө-өзү бычак сайып, оор жаракат алганына ишенбейм. Бизди жоошутуп, бир Кара-Балта РИИБине, бир ооруканага алып барып отуруп таң атырышты. Ооруканага эмнеге келдик десем «алакачкан жигит кызматкерлер менен ызы-чуу болуп кетти» дешти. «Эмнеге ооруканадан алып чыккан жоксуңар?» десем, «врачтар чыгарбай жатат» дейт. Көрсө ошол маалда кызымдан айрылган экенмин. Саат үчтөр чамасында милициянын начальниги менен кызматкерлери чогулуп «байке, сабыр кылыңыз ушундай болуп калды» деди (мукактанып). Келинчегиме айта алган жокмун, давлениеси көтөрүлүп , өтүп кетпесин деп тилимди тишиме катып турдум. Бул иштин аягына чыгам, сөз берем. Милициялардын шалааклыгынын айынан бүгүн мен кызымдан айрылсам, эртен башкасы эмне болот?!

240-маршруттук каттамдын айдоочулары:”Марстын бул ишти кылганына ишенбейбиз”

-Бала менен кыз төрт жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Марс Бурулайды катуу сүйчү, кыздын деле көңүлү бардай көрүнчү. Болгону кыздын ата-энеси каршы эле. Эртеден кечке иштечү, тамеки чекпейт, алкаголь ичимдиктерин оозуна алчу эмес. Марстын бул ишти кылганына ишенбейбиз.

Нуркыз Бакасова

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: