Menu

Казакстанда энергетика министринин орун басары коррупцияга айыпталууда

Бөлүшүү:

Казакстандын энергетика министринин орун басары Бахытжан Жаксалиев коррупция шеги менен кармалып, үй камагына алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик кызматтар жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинен кабарлашты.

Мекеменин өкүлү Нурлан Жахиндин билдиришинче, Жаксалиев 2015-жылы курорттук аймактагы көлдөрдү тазалоого байланышкан бир катар документтерге мыйзамдарды бузуу менен кол койгон деп шектелүүдө. Министрдин орун басары «Аймак и К» деп аталган жалданма компаниянын кызыкчылыгы үчүн кызмат абалын кыянат пайдаланып, мамлекетке 746 миллион теңге (2 миллион 254 миң доллар) зыян келтиргени айтылууда.

«Жаксалиев сумма 30 эсе көп көрсөтүлгөнүн билип туруп, иштер 863 миллион теңгеге аткарылгандыгы тууралуу кабыл алуу актысына кол койгон», — деп билдирди Жахин.

Жаксалиев энергетика министринин орун басары кызматында 2014-жылдан бери иштейт. Ага чейин үч жыл өлкөнүн индустрия жана жаңы технологиялар министринин орун басары болгон.

Быйыл мартта Боровое курорттук аймагындагы сууларды тазалоо иштериндеги коррупцияга шектелип энергетика министринин дагы бир орун басары Гани Садибеков да кармакка алынган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: