Menu

Путин АКШга карата контрсанкциялар тууралуу мыйзамга кол койду

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн сакцияларына жооп берүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документти майдын аягында Федерациялар кеңеши жактырган.

22-майда мыйзам долбоорун Орусиянын Мамлекеттик думасы үчүнчү, акыркы окууда кабыл алган. Анда документтен бир топ сунуштар, анын ичинде контрсанкциялардын объектиси болушу мүмкүн болгон товарлар менен кызматтардын конкреттүү тармактары чыгарылып, аларды аныктоо укугу өкмөткө берилген. Ошондой эле жооп чаралардын катарынан Орусияга импорттук дары-дармектерди алып кирүү чектөөсү алынган. Буга чейин бул тууралуу бейтаптарга жардам берүү менен алектенген бейөкмөт уюмдар суранышкан.

«АКШнын жана башка өлкөлөрдүн карасанатай аракеттерине жооп берүү чаралары тууралуу» мыйзам долбоору Мамлекеттик думанын кароосуна 13-апрелде алынып чыккан. Анын алгачкы версиясында Орусияга айыл чарба азыктарын, сырьелорду, медикаменттерди, алкоголь ичимдиктерин жана тамеки алып кирүүгө тыюу салуу сунушталган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: