Menu

Президентке Кайрылуу: Тамчылаган көз жаш же эмне себептен “Манас Ордо” Меккеге айлана элек?!

Бөлүшүү:

КР Президенти С.Ш. Жээнбековго

                                                                     КР ЖКнын Төрагасы Д.А. Жумабековго

                                                                     КР Премьер-Министри М.Д.Абылгазиевге

 

Кайрылуу – Ачык кат

Тамчылаган көз жаш же эмне себептен “Манас Ордо” Меккеге айлана элек?!

“Манас Эпосу – Кыргыз улутунун туу чокусу”

Кыргыз журтунун жан азыгы, маданий-тарыхынын туу чокусу Айкөл Манас  Атабызга таазим этүү, төбөбүзгө көтөрүү, кыргыз деп соккон жүрөгү үчүн сый-урмат кылуу аздык кылат, ошол  сымал ар бирибиздин парызыбыз, карызыбыз…бул айныксыз сөз. Ошондуктан бул  маселе мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп, учурунда улуу Атабыздын 1000 жылдык маарекесинин урматына 1995-жылы ЮНЕСКОнун түздөн түз колдоосу жана  көмөгү аркылуу Талас жергесине улуттук “Манас- Ордо” заманбап комплекси курулгандыгына тарых күбө.  Учурунда Жогорку Кеңештин демилгеси менен Манас-Ордобузга улуттук “Манас-Ордо”тарыхый этнографиялык комплекси статусу берилгенин Эл кубануу менен кабыл алган.  Арийне , ал жер илгертен эле ыйык аталып, Манас Атабыздын арбагына сыйынып, экинчи Мекке катары аты алыска угулгандыгы  айныгыс  факт. Жер шаарынын  элдери  чыгыштан батышка дейре Манас десе Кыргызды, Кыргыз десе Манас деп  билип калышты. Бирок, арадан  канчалаган  убакыт зымырап өтүп кеткени менен мына ушул татына, ыйык жана тунук ойлордун сапары улам карып, беттерине бырыш түшүп, чарчап ара жолдо калып кеткени жүрөкзаада кылып, терең ойлор түйшөлтүп келет.

Баса,  “кечээ” эле кыргыз сыналгылары Самарканддан шыр баян тартып келишип, журтчулукка тартуулашканда “кеселдеп” жаткан ойлорубуздун шыпаасы табылгандай болду сыягы. Өзбектин тунгуч ажосу Ислам Каримовдун мавзолейине болгон зыяратты көз кырыбызды чуурутуп жатып, аргасыздан көзүбүзгө жашыбызды алдык. Дүйнөнүн төрт бурчунан келишкен миңдеген адамдардын агымы… кудум эле албууттанган дайраны элестетет.. Баш –аягы жок. Ар биринин максаты улук ажонун арбагына куран түшүрүп, парызынан кутулуудай туюлуп жатты . Анткени, Өзбекстанды чейрек кылым башкарып келген И.Каримов чынында авторитардык мамлекетти түзүп, калайык калкты мыйзамдын эмес,” камчынын” алдында башкарып келгени жашыруун эмес. Бирок, бул инсанга болгон сый-урматтын зоболошу, зыяратчылардын агымынын токтобой, кайрадан күү-шаа болуп агышы, каалайбызбы-каалабайбызбы, кандайдыр бир ойлорго жетелейт. Оболу эле “Манас ким да, Каримов” ким деген собол туулат…?! Жообун айтпасак деле түшүнүп алсаңар болот. Бирок, эмне үчүн Каримовдун мавзолейине болгон зыярат менен Манас- Ордодогу Манас Атабызга болгон зыяраттын айырмасы асман менен жердей…?! Эмне, Каримовдун ааламдаштырууга кошкон салымы салмактууракпы же кайсыл бир сыйкыр күчү менен өзүнө тартып турабы? Жок. Болгону, Мирзиёевдин тунук акылы,заманбап ойлору жана бүгүнкү агымдан калбай ой жүгүртүшүнүн  акыбети сыяктанат.  Мүмкүн, мамлекеттик улуттук идеологияны жерде калтырбай жүзөгө ашырышы  болууда. Жанагы жанындагы менеджерлердин акыл калчаган жумушунун эле тыянагы десек болот.  Балким мамлекеттик идеологиянын да катуу таасири бардыр. Мүмкүн…?!

Курулуш аянтынан, коплекстүү курулган курулуштар жана башка жагынан Манас Ордо Самарканддагы мавзолейден алда канча алдыда. Бир караганда  көз ушунча суктанат… бали дейсиң! Бирок, алыскы 1995-жылдан бери бул жерге болгон зыяратка  купул толбой,”мышыктын өзү ыйлап турган кез”. Миң деген турист-зыяратчыларды  бул жакка койюп, жүздөгөндөрдү  айтуудан да уялып турабыз. Эмне үчүн…?                  Баары заманбап архитектуралык альянс  кынтыгы жок, эмнеге “сылтып басат” ыйык жайыбыз? Бул соболго жооп издеп баш катырыштын  деле кереги  жок. Болгону маселе келип эле ушул Ордонун жетекчилигине , тагыраагы комплекстин директору Чоюнбаев Ормошбек Жетигеновичке такалат. Ордонун пайдубалын куруп, ага жан киргизген туңгуч директору , мамлекеттик жана коомдук ишмер Жеңиш Чынаев ишин баштап жатып,чар тарабына жаңы дем берип, кубат берип, туристтик комплекске айлантып жатканда, кездердин бир кезинде эмей эле эртең эле зыяратчылардын агымы соолуп-солгундап, баары арабөк абалда калып, эт менен челдин  ортосунда ары-бери жүрүп калат деп  ойлонгон  эмес болушу керек. Анткени, ал кишинин ой-максаты таптакыр башка болуучу.

Тилекке каршы, Манас- Ордобуз да саясат жыттанып, 2005-жылдан бери партиялык-   кландык башкаруунун арты менен  ата-мекенчи Ормошбек Чоюнбаевдин  колуна тийгенден бери изги ойлор шайтандап, баары теңирден тескери кетип,өзүм билемдиктен ары кете албай, чалкасынан кулап түштү десек аша чаппайбыз. Ачык эле айталы, Ормошбек келгенден бери Ордодогу иш бир карыш алдыга жылып да койгон жери жок. Катуураак айтканда эч нерсе өзгөрбөдү. Эми жан дүйнөгө байланыштуу  комплекстин бараандуу глобалдык максаттарына  ой жүгүртүүсү  жетпесе не кылсын, албетте анча-мынча келчү зыяратчылар үчүн түлөөканаларда очок курдуртуп, казандын санын көбөйтүп…иштемиш болгону гана бар.

Кыргыз элинин улуттук  намысы, абийири, жүзү болгон Манас- Ордо катардагы эле мазарлардын санын толуктап калса, анда эле шорубуз “катып”, келечек-муундарыбызга эмне айтабыз деп, түңүлүп жүрөбүз. Ормошбек болсо, кабагым кашым дебей, кудум эле бул кызмат атасынан калган мурастай , билгениндей пайдаланып ат жалынан түшпөй тургандагы кербези. Кыргыздын жүзү менен анын эч кандай иши жок окшойт?!

Экинчиден, залкар, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин  мамлекеттик деңгээлде өткөзүү пландалып жатканы маалым. Талас  жергесине, анын ичинде кудум ушул улуттук  Манас- Ордо комплексине  дүйнөнүн төрт бурчунан коноктор агылып келиши күтүлүүдө. Өкмөт да бул мааракеге атайын иш-чараларды белгилеп, салтанаттуу өткөргөнү турат.

Мына ушул чоң майрам босогодо турган кезде, Манас- Ордонун аянычтуу абалы баарыбызды тынчсыздандырып жатат. Аалам кызыгуу менен тыкыр көз салып турса, Ормошбек Чоюнбаев дале кайдыгер гана казандарын санап, очокторуна “отун терип” жүрү, кудум эле Айтматовдун маарекесинин гүл дестеси ушулар гана өңдөнүп. Ачык эле айталы, кайдыгер, алысты көрө албаган, “өгүз өлбө-араба сынба” жолуна түшкөн жан дүйнөсү чектелүү, “агым” менен гана аккан башчыдан башкача мамилени  күтүүнүн өзү апендичилик. Жаңы реформаларды киргизип, губернаторго “колуна кол- бутуна бут” болуп берүүсүн Ормошбек Чоюнбаевден күтүү  күмөн. Ошондуктан бүгүнкү кечиктирилгис маселе, Манас- Ордо комплексинин тагдырына кайдыгерликти таштап, ага олуттуу карап, жаңыча реформаларды ишке ашырып, мамилени түп-тамырынан өзгөртүп, жаңы идеясы бар күчтүү менеджер  жетекчиликти алып келүүдө гана турат.

Талас облусунун губернатору М. Мураталиев өндүрүшчүл чарбачыл болуп, баштап жаткан иштеринин “майын чыгарып”, түн уйкудан безип, бүгүнкү бийликтин саясатын ишке ашырууда, облуста Элдин ынтымагын бекемдөөгө күч аракетин аябай иштеп жатканына күбөбүз, бирок кадр саясатында чечкиндүүлүккө бара албай жатканын көрүп жатабыз. Демек,  губернатор да бул маселени көз жаздымында калтырбай, өзгөчө кадр маселесине болгон көз карашын өзгөртүп “боло берет” деген сезимден арылып, “Манас-Ордо” комплекске “амбициясы” Ала-Тоону жарган пландары бар дымактуу кадрларды  алып келүүсү  учурдун зарыл талабы. Муну бүгүн жасаш керек.   Эртең чынында эле кеч болуп, бүт дүйнөгө уят болуп калышыбыз бар. Болбосо  тамчылаган көз жаштан арыла албай, Каримовдун Самарканддагы мавзолейиндеги ургаалдуу иштерге суктанып, Манас- Ордого ичибиз ачышып, керек болсо туз жалап дагы көпкө чейин жүрө беребиз. Мейли биз жүрө берели, бирок Манас  атабыздын арбагы буга ыраазы болор бекен?  Маселе ушунда…?!

1.Джумашев Райымберди- “Талас Эл ынтымагы” коомунун координатору

2.Азискан уулу Норузбек

3.Бапышов Сатканкул – Аксакалдар Кеңешинин төрага орун басары

4.Наралиев Төлөгөн – “Акыйкат” кыймылынын координатору

5.Чокоев Джаныбек – “АКНК” уюмунун координатору

6.Ниязбеков Бахтияр –

7.Айтбаев Каныбек –  “Талас Эл ынтымагы” коомунун координатору

8.Анарбаев Асылбек –  “Акыйкат” кыймылынын төрагасы

9.Медетбеков Сүйүтбек

10.Жанкоросов Рыскулбек – “Акыйкат” кыймылынын координатору

11.Асеев Чолпон

12.Жандаралиев Асан

13.Абдышов Курманкул

14.Байжигитов Максат   – “АКНК” уюмунун координатору

    15.Кушчубай уулу Нурахун

    16.Шейшенов Серен              – “Талас Эл Ынтымагы” коомунун төрагасы

    17.Кашкаралиев Эсен – “Талас Эл ынтымагы” коомунун координатору

    18.Огонбаев Жаныш –

     19.Такыров Тургунбек

     20.Береналиев Майрамбек

жана башкалар… .

3 июнь 2018-жыл, Талас  облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: