Menu

Нариман Түлеев: “Салянова өмүр бою таксист болуп иштеген атасын “Эмгек сиңирген мелиоратор” наамына жеткизип, персоналдуу пенсионер кылып койду”

Бөлүшүү:

Буга чейин Бишкектин экс-мэри Нариман Тулеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чыныгы жүзүн ашкерелеп, эски гвардия чычалап, калптын баарын учура баштаганда бийликтен кеткен өкүмдардын өзүн түз зфирдеги дебатка чакырган эле. Анткен менен, партизандарга окшоп, жашынып ок атканды жакшы кергөн АШАнын командасынан жарытылуу жооп болгон жок. Бул да түшүнүктүү, теледебатка чыга турган болсо АШАнын абийири айрандай төгүлөт да.

Бирок, анын ордуна, соцсеттерде Н.Түлеевди өлө шылдыңдаган, өлкөгө 60 миллион сом зыян алып келген коркунучтуу коррупционер катары көрсөткөн жарыя-маалыматтар толуп кетти. Бул атайын уюштурулган нерсе экени – анын баары атайын ачылган жалган барактар аркылуу таркатылып жатканынан көрүнүп турат.

Нариман Түлеев мунун баарын Атамбаевдин командасынын өздөрүнө байланыштуу чуулгандуу иштерден коомчулукту алаксытуу аракети катары баалаган билдирүү жасады. “Мамлекетке келтирилген чыгым катары сайрап жатышпайбы, ал укуктук жол менен далилденген эмес. Иш жүзүндө эч кандай зыян келтирилген эмес, бир дагы текшерүү андайды таппады. Биздин юристтер менен укук коргоочулар бул багытта жакында так маалымат чыгарат, жаңы күбөлөрдүн айтып бергендери бар. Буга дейре биз өз чындыгыбызды айтып, жүздөгөн кайрылууларды жана каттарды жөнөткөнбүз, бирок, бир дагы органдан оңгулуктуу жооп келбеди. Мына ушул жылдар аралыгында, мен Алмазбек Шаршеновичке менин үстүмдөн жүрүп жаткан чектен ашкан акмакчылык, Атамды, кары кишини улам суракка чакырып, коридорлордо жана кабинеттерде шылдыңдаганын айткым келди эле. Атамдын үйүнө ууру кирип, акчасын уурдап кеткенде укук коргоо органдарына арыз менен барса, өйдө жактан команда бар экенин айтышып, кабыл албай койгон кездер болгон. Биздин чындыкты далилдеген документтерди көрсөтүп, мени, башка балдарды кантип кыйноого алышканын айтайын дегем. Кимдер сиздин, Алмаз Шаршенович, атыңыздан келип, акча талап кылганын айткым келген. Аялымды кантип кармап, эч жөнү жок убактылуу абакка салышканын, ШОСтун саммитинде коллегаларыңыз менен менин маселемди талкууга алганыңызды жеткизе айтайын дедим. Жеткизе албадым, эми да жеткизе албайм өңдүү”,- дейт ал.

Бул багытта сот жүргөндө, өйдө жактын көзүн караган соттор прокуратура таккан айыпты эле бекемдеп бере салганы белгилүү. Сот алдына алынып келинген документтердин бирин карап койгонго жараган эмес. “Судья Воронцова менен сот тармагындагы реформаларга парламент эн туура баа берди. Адилеттүүлүктү унутуп, өйдө жактын гана буйругун аткарып келгени үчүн Воронцованын талапкерлиги кулады. Бул Атамбаевдин жалпы сот реформасына берилген баа”,- деп эсептейт.

Өлкөгө келтирилди делген зыянга келсек. Сот эмне себептен чечим чыгарганын айттым. Кандай болбосун, соттун чечими расмий кагаз эмес. Аны менен  макул болбосом да, соттун чечимин аткарбасам, мен гана эмес, башка да адамдар зыян тартаарын билип туруп, биздин мойнубузга илген “зыянды” төлөөнү чечтим. Мен 7 адамдын айыппулун төлөдүм. Алардын арасында жалган көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн камалган карапайым адистер бар. Мен өзүмө тагылган “айыпты” эле төлөп койсом болмок. Бирок, мага ишенип, шаарга жана мамлекетке колдон келишинче көбүрөөк пайда алып келүүгө аракет кылган балдарды талаага таштап кете алган жокмун, бул менин принцибим! Мен ата-энемден ажырадым. Аларга мындай тагдырдын кереги жок эле. А бирок, СИЛЕР: өлкөнүн тышкы карызын 2 млрд, долларга көбөйткөн, аттиштерди 600 долларга сатып алган, контрабанда жана НДСтен миллиондорду жеген, өлкөгө миллиондогон долларлык зыяндарды алып келгендер, мамлекетке келтирген чыныгы заяныңарды кусасыңарбы? Силерден айырмаланып, биз жетишпеген каражатты өлкө ичинен таптык. Соцфонддон убактылуу алып, бир тыйынын калтырбай, кайра кайтарып бердик. Мына азыр ири коррупциялык схемалар боюнча аты аталып жаткан каармандар четинен чет жакка кача башташат. Бирок, биз качкан жокпуз. Анткени, ак экенибизди билебиз. Адилеттүүлүк үчүн азыр да күрөшүп келатабыз. Жооп берчү убагыңар келе жатат. Силер ишенген кадрыңар Манас Арабаев да жок. Камабай эле тергөө жүргүзүп жаткан бийликке ыраазы болгула. Бизди камагандай, спецназ менен үйүңөргө келсе эмне кылат элеңер?”,- деген Нариман мырзанын сөзүндө чындык бар.

Мындан тышкары, Нариман Түлеев Жогорку соттун Аида Салянова боюнча чыгарган чечимине карата да өз ой-пикирин ортого салды. Анын пикиринде, Атамбаевдеги ажыдаарды Аида Салянова ойготкон: “Саляновага карата кечээ чыгарылган чечим уят иш. Тергөөчү тизесине коюп алып жазып чыккан иш тергөө маалында эле талкаланып жок болушу керек эле. Мен муну эки эсе уят дээр эле, анткени, Салянованы соттоо үчүн башка реалдуу бир топ себептер бар болчу. Азыр жүз берип жаткан көрүнүштүн башында Салянова өзү тургандыгын унутпайлы. Анын түздөн-түз демилгеси менен ондогон иштер козголгон, кылмыш иши ачыла электе эле соттордун чечими даяр болгон. Мына ушинтип жүрүп ал Атамбаевдеги ажыдаарды ойготууга түрткү болду. Ал мыйзамды жана сотторду каалагандай калчап, иштерди жасалмалоого болорун үйрөтту. Менин терен ншенимимде. Атамбаевге жакпаган аламдарга карата козголуп. бирок, көп өтпөй талкаланган кылмыш иштери боюнча алдын ала макулдашуулар болгон. Менден опузалап бирдеңке өндүрүүлөр биринчи күндөн башталганын айткам. Мен буга барган жокмун, а башкаларчы? Жогорку сот мени камактан бошотуу чечимин кабыл алганда Салянова бошотуп, кайра башка иш менен кармаганын айткан. Андай болгон эмес. Бизди бошотпой эле СИЗОдо кармап олтурушкан. Салянованын далай калптары жаңырды го депутаттардын алдында. Мына ошол “чындык үчүн күйгөн” Салянованын кадры, тергөөчү Салиев мыйзамдарды жана Конституцияны бузуу менен мүлктөрдү рейдерлик басып алууларга жол ачты. Мурда соттолгон каракчы кантип Башкы прокуратуранын башкармалык башчысы жана өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болуп алган? Эмнеге бул жагдай аликүнчө иликтенген жок? Мына дагы бир мисал, 2012-жылдын октябрында Маммүлк фондусунун төрагасы Турсун Турдумамбетов эки айга камакка алынган болчу 31-декабрда кечки 9дар чамасында, Бишкек шаардык соту Турдумамбетовдун баш коргоо чарасын өзгөртпөсө да, убактылуу кармоочу жайдан аны прокуратуранын кызматкерлери чыгарып кетишкен. Абакта ошол замат бул кишини жарым миллион долларга бошотушканы тууралуу ушак желдей аралады. Мен тергөөчү эмесмин, укканымды айтып жатам, бирок, Турдумамбетовдун кандай тартипте бошо-тулганына компетенттүү органдыр кызыгып койсо болот да”,- деп сөзүн улантты Түлеев.

“Ушул күнгө чейин Азиз Батукаевдин камактан кимдердин көмөгү менен бошотулганы толук айтылбады. Бирок, Салянова парламентке келип, прокурордун аны бошотуу чечимин коргоп, калкалаганын билебиз. Бандиттер, террористтер жөнүндө сөз болуп калды, анда кантип өмүр бою абакка кесилген Итибаевдин үч ирет аминистияга тушугуп калганын эстебейли! Прокуратура эмнеге мунун баарын көзөмөлгө алган эмес? Кызыкчылык болбосо, мындай нерселер жөн эле көз жаздымдан чыгып кетиши мүмкүн эмес. Башкы прокуратуранын ал кездеги кадр саясаты, сатып алуулары жаатында да суроолор көп болчу, жообу азыр да жок. Бирок, Салянова өмүр бою таксист болуп иштеген атасын “Эмгек сиңирген мелиоратор” наамына жеткизип, персоналдуу пенсионер кылып койду. Кызматтык унаасы люкс-класста, ал да туугандарынан сатып алынган. Аида Салянова башпрокуратураны Нарымбаев, Салиев, туугандары менен биригип жеке күркөгө айлантып алган болчу. Мунун баары акыры күйөөсүнө кылмыш ишинин козголушу менен жыйынтыкталды. Мунун баары коомчулукка кеңири белгилүү иштер. Дал ушул мыйзамсыздыктар боюнча эле Салянованы соттошсо болмок. Бирок, андай болгон күндө Атамбаевге да кара так түшүп каларын сезишип, аны азыр соттоп жаткан ишти ойлоп табышкан. Мен ишенем, Салянова кылгандарына эртедир-кеч жооп берет. Эркиндикте жүрүп алып, куугунтук тууралуу сүйлөбөй эле койсун. Спецназ менен үйлөргө кирип барып, саясатчыларды, депутаттарды кантип камакка алышканын, кичинекей балдардын үрөйүн учурганын унутуп калса керек?! Жогорку соттун чечими абсурд, бирок, мунун баары Салянова түптөгөн система. Ошол система эми өзүн жеп жатат.”- Негизи, мындай болбошу керек, адам баласы реалдуу күнөөсү үчүн жоопкерчиликке тартылышы шарт, деп жыйынтыктады Түлеев.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: