Бүгүн, 5-июнда Каржы полициясы КР Бажы кызматынын төрагасынын орун басары “Н.З” аттуу жаранды мамлекеттен 166 млн сом уурдашкан деп козголгон бажычы Нурбек Айбашовдун кылмыш ишинин алкагында кармаганын, ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту аны тергөө бүткөнчө абакка алганын билдирген.
Ал “Н.З” аттуу жаран КР Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиев болуп чыкты.
“Түндүк” бажы башкармалыгынын башчысы Нурбек Айбашов менен Замирбек Ниязалиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-бажы салымдарын төлөөдөн качуу, 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен кылмыш иши ачылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ