Өткөн жумада Жогорку Кеңеш башкы прокурордун отчетун талкуулаган жыйында «Бир Бол» фракциясынын кылмыш иши козголгон депутаты Аскарбек Шадиевдин качып кеткени боюнча маселе көтөрүлгөн. Башкы прокурор, УКМКнын жетекчиси Шадиевдин качып кеткенин ачык айтышпай, «бээ» тууралуу суроого «төө» дешип, Кыргызстанда эле дегенди айтышып кайпакташкан. Ошондон көп өтпөй, коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев: «Депутат Аскарбек Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен жок», – деп ишенимдүү айткан. Дамир мырза күч органдарынын маалыматына ишендиби же ага туура эмес маалымат берип алдаштыбы, айтор минтип уят болуп отурат. Өкүнүчтүүсү, жалпы Кыргызстандын күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн адамга туура эмес, тескери маалымат берилип жатса, натыйжада ал үчүн бир дагы органдын жетекчиси жоопкерчилик тартпаса абал чатак экен. Дамир мырзаны эч ким тоготпой турганы, ага жүр-нары мамиле жасаары ушундан билинип жатат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ