Menu

Бишкектен 3 гектардан ашык жер Кытайга кетти, буга сиздин пикириңиз кандай?

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык кеңеши учурда Кытай элчилиги турган 3 гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө макул болду. Кытай буга жооп кылип Киргызстандин дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам бермекчи. Эки тарап тең ал жерди ижара акысын төлөбөй 49 жыл пайдалана алат. Шаардык кеңеш бул маселени 30-майда карап, артка кайтарган. Бишкек мэриясынын токтомунун негизинде 2003-жылы шаардын түштүк тарабынан Кытай элчилигин курууга үч гектар бөлүнүп берилген. Ал 49 жылга ижарага берилип, Китай тарап ал үчүн жыл сайын 700 миң сомдой ижара акысын төлөп келген.

Искендер Гаипкулов, ЖКнын депутаты:

– Азыр убагында документтештирилбеген документтер мыйзамдаштырылып жатат. Бул жагымдуу көрүнүш. Менин бул боюнча оюм, көз карашым түз. Ансыз деле ал аймакта Кытай элчилиги имаратын куруп иштеп жатат. Шаардык кеңештин депутаттары туура эле кылышты.

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер:

– Бул маселе жалпысынан туура деп айтсак болот. Бир эле мамлекеттеги же Бишкектеги жердин көлөмү эмес, эки мамлекеттеги базар баасы канча? Ошого көңүл бөлүшүбүз керек. Бишкектеги жер биз үчүн кымбат көрүнгөнү менен дүйнөлүк масштабда алып караганда Бээжин бөлгөн 25 сотых жерге тең болуп калышы мүмкүн. Ошонун ичине биздин элчиликти да куруп берээрин айтса туура эмес. Адатта өзүн-өзү сыйлаган мамлекет мындайга макул болбойт. Биз ал мамлекетке барып жатсак, ал өлкө биздин элчиликти куруп берип жатканы мамлекеттин коопсуздугуна, кадыр-баркына туура келбей калат.

Мирлан Арстанбаев, Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыздипсервис” мамлекеттик  ишканасынын башкы директору:

– Бул маселе соңку беш жылдан бери сүйлөшүлүп келаткан. Биз позицияны гана теңдеп коюуну максат кылып жатабыз. Акыркы биздин расмий сүйлөшүү Бишкек шаарында бир жума мурда аяктады. Ошондо акыркы бир текстке келиштик. Ал келишимге ылайык, бизге Кытайдын Бээжин шаарынан, экинчи дипломатиялык шаарчасынан 25 сотых жер бөлүнүп жатат. Биздин мыйзамдарга, Жер кодексине ылайык, биз Кытай элчилигине жер берүү боюнча жергиликтүү кеңештен сөзсүз түрдө уруксат алышыбыз керек.

Канатбек Мүсүралиев, шаардык кеңештин депутаты:

– Кытай мамлекети бизге, Бишкекке жылына 700-800 миң сом ижара төлөсө, биз да төлөп жатабыз. Бирок Кытай мамлекетине жылына 10 миң долларлык акча көп деле сезилбейт. Биз үчүн бул чоң акча. Ал жерде 25 сотых жер берилет жана өздөрүнүн эсебинен эки же үч кабаттуу административдик имарат курулат. Ошонун жанына Кыргызстандан делегация барганда жата турган жана элчиликтеги кызматкерлер бекер жата турган 5-6 кабат конок үйүн курабыз деп жатышат.

Гүлмира Шаршеева

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: