Menu

Путин Донбассты Чеченстанга салыштырды

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин Донбасстагы кырдаалды Чеченстандагы согушка салыштырды. Ал Украинанын чыгышындагы жаңжалды жайгаруу үчүн Киевге жикчилдердин аймагына өзгөчө макам ыйгаруу кеңешин берди. Путиндин айтымында, убагында  Москва Чечен республикасына дал ушундай мамиле жасаган.

Путин австриялык ORF телеканалына берген маегинде аннексияланган Крымды Украинага кайтаруу мүмкүн эмес экенин да кошумчалады. Ал 2014-жылы Донбасста “Боингдин” кыйрашы боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын да комментарийлеп, учак орусиялык “Бук” ракеталык системасы тарабынан атып түшүрүлгөн деген бүтүмдү четке какты.

Орусиянын өзүндөгү кырдаал тууралуу суроолорго жооп берип жатып, Путин бийлик өлкөнү авторитардык мамлекетке айлантты деген пикирлерди төгүндөдү. “Бул албетте чындыкка дал келбейт, себеби биз демократиялык өлкөдө, Конституциянын алкагында жашайбыз”, – деди Путин.

Ал өлкөнү түбөлүк башкаруу үчүн президенттик мөөнөткө киргизилген чектөөлөрдү жоюу боюнча референдум өткөрүү керек деген сунуштарды “кызыл кулактык” деп атады.

Владимир Путин 5-июнда Венага келип, Австрия жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: