Чуй облусунун Ысык-Ата районунда телефон уурдаган шектүү кармалып, Бишкектеги №1-абакка камакка алынды. Окуя 29-апрелде түнкү саат үчтөрдө болгон. Маалым болгондой, көчөдө токтоп турган “Хонда Фит” үлгүсүндөгү машинесинен “Самсунг” үлгүсүндөгү телефонун белгисиз бирөө уурдап кеткенин айтып жабырлануучу райондук милицияга арыз жолдогон. Уурунун артынан сая түшкөн тартип сакчьшары көп өтпөй эле окуяга шектүү 22 жаштагы Бишкекте жашаган жаранды кылтакка илишкен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ