Menu

КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаков коррупция беренеси боюнча камакка алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-июнда УКМКдагы сурактан кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев КСДПнын төрагасынын орун басары, экс-премьер-министр Сапар Исаковду Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө аяктаганга чейин камакка алды.

УКМК 2013-жылы Сапар Исаков президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматында туруп, кызмат абалынан пайдаланып, кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргоп, аны 386 млн доллардык  долбоорду аткарууга сүйрөп өткөргөн деп айыптап, быйыл май айында айыбын угузган эле. Ага ылайык Сапар Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү соттун чечими боюнча Сапар Исаков тергөө бүткөнчө УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: