Бүгүн, 5-июнда УКМК КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовду УКМКда 3 саат суракка алышкандан кийин анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, абакка алуу үчүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна алып келишкен. Райондук сот тергөөнүн өтүнүчүн аткарып, Кубанычбек Кулматовду 28-июнга чейин абакка алуу чечимин чыгарды.
УКМК Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Бишкек ТЭЦин модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясы Ошко жана Бишкекке 1200 орундуу 2 мектеп салуу үчун берген 2 млн долларды өкмөт менен сүйлөшүп Бишкекке, жеке менчик компанияга котортуп алып, Калыс-Ордо конушуна 660 гана орундуу мектепти мэриянын 104 млн сом акчасына бүткөргөн, натыйжада 2 млн доллар уурдалган деп айыптоодо.
Кубанычбек Кулматовго быйыл 18-майда КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен иш козголуп, айыбы угузулган жана үйү тинтилип, мүлкү камакка алынган.
Кубанычбек Кулматов УКМКнын тергөө абагына камалат.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ