Кечээ, 4-июнда Москвадагы ресторандардын биринде экс-президент Курманбек Бакиев орозо тутуп жүргөн кыргыз эмгек мигранттарына ооз ачуу өткөрдү. Ал ооз ачууга 500дөн ашык мусулмандар катышкан. Бакиевдердин атынан ооз ачууга Жаныш Бакиевдин уулу – Асылбек Салиев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Бул тууралу маалыматты жана фото/видеоматериалдарды экс-президенттин тарапташы Аскат Тейит таратууда.
“Мындан саясат издөөнүн кереги жок. Курманбек Бакиев ушуну менен Москвада үчүнчү жолу ифтар өткөрүүдө. Быйыл Бишкекте жана Жалал-Абадда да Курманбек Бакиевдин атынан ифтар берилет”, – дейт Аскат Тейит.
https://www.youtube.com/watch?v=52XDgZjznbI&feature=youtu.be
Фото жана видеоматериалдар Мурас Бегимкуловдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ