Menu

Өгөй атасы мас абалында 2 жана 5 жашар балдарын чачтан сүйрөп, дубалга чаап сабаган

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-июнда, Сокулук районунда, кечки саат 20.00. чамасында 36 жаштагы Д.Б. мас болуп келип аялын сабай баштаган, аялы качып кеткенде 2 жана 5 жашар эки өгөй уулдарын чачтан сүйрөп, дубалга чаап, сабап кирген. Балдардын чыркырап ыйлаганын уккан коңшулар “тез жардам” чакырып, катуу таяк жеген балдарды ооруканага алып кетишкен. Ооруканадан милицияга билдирилип, ошол эле учурда күйөөсүнүн таягынан качып кеткен 24 жаштагы Т.А. да милицияга арызданып келген. Бул тууралу Чүй облустук милициясы билдирди.

Азыркы учурда Т.А. балдары менен ооруканада дарыланып жатат. Жарандык күйөөсү Д.Б. Сокулук райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, милиция тарабынан иш иликтенүүдө.

Балдардын өз атасы Россияга эмгек мигранты болуп кеткен боюнча дайынсыз болгондуктан Аксыдан Сокулукка көчүп келген Т.А. ал жерден Д.Б. менен жарандык турмуш кура башташканына бир жарым жыл болгон. Д.Б. мас болуп келген күндөрү аялын жана балдарын мурун да сабап жүргөндүгү белгилүү болду, анын биринчи никесинен 4 баласы да бар экен.

Баарынан өкүнүчтүусү балдардын туулгандыгы тууралу күбөлүктөрү жок, ал эми энеси Т,А.нын паспорту жок жана ал документтерди кантип алуунун жолдорун да билбейт экен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: