Menu

Түркмөнстанда карыган кишилер пенсия ала албай жатышат

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда жашы 70тен төмөн пенсионерлердин пенсиясы төлөм карталары менен бериле баштагандан тарта банкоматтан акча алуу кыйынчылыктарды жаратууда.

“Ай башынан бери банк алдында пенсиясын ала албай жүргөн мен сыяктуу карыган кишилер көбөйүп кетти. Алар дагы өткөн айда карталарына акча түшпөй калганын айтып жатышат. Банк кызматкерлери пенсионерлерге “күткүлө” дегенден башка эч нерсе айтышпайт”, – деди ашхабаддык пенсионерлердин бири.

Айрым пенсионерлер картага түшкөн акчаны да ала албай убара болушууда. Себеби банктоматтарда каражат жок.

“Өкмөт биз менен ойноп жатат. Биз 40 градус ысыкта банкоматтарга жүгүрөбүз деп чарчадык. Көбүндө акча жок. Алар кандай максат менен карта системасын киргизди, өкмөт бизди ачкалыктан өлсүн деп жатабы?”- деди 60 жаштагы аял.

Түркмөн бийлиги төлөм карталары боюнча жаралган маселелер тууралуу элге түшүндүрмө бере элек.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: