Menu

МУКК: Коррупция фактысы боюнча КР ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-июндун түнүндө КР Башкы прокурору КР ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата “Бишкек ЖЭБ Модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесини 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилерине ылайык кылмыш ишин козгоду, – деп маалымдайт МУККтун басма сөз кызматы.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында КР ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесини 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмышка шектүү адам катары КР МУКК Убактылуу кармоочу жайынын Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: