Menu

Каракол төрөтканасындагы коркунучтуу инфекция

Бөлүшүү:

Акыркы учурда Ысык-Көл областык бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жана бириккен оорукананын директору Токтобай Исраилович Маанаевдин тегерегиндеги шалаакылыктар, жоопкерчиликсиздик апогейине жетти. Бул боюнча, областтык, республикалык маалымат каражаттарында жазылып, тийиштүү жактарга арыздар жиберилген менен эч деле оңдуу чара көрүлбөй келет. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аны жазалоонун ордуна кайра сый көрсөтүптүр. Бир жагында төрөтканадан балдар инфекция жуктуруп майып болуп жатса, тигил жагынан “өлөт доорундагы той” болуп, министрлик директор Маанаевди “төрөтканада коркунучтуу инфекциянын чыгышына жол бердиң”дегендей сыйлашып, “эмгек сиңирген врач”кылып тойлошуптур…

Адамдын жүрөгүнүн үшүн алган Каракол төрөтканасы

Каракол төрөт үйүндөгү дарыгерлердин аракеттери эне түгүл уккан адамдын жүрөгүнүн үшүн алат. Бир сөз менен айтканда төрөткана «бардакка» айланган, ар бир дарыгер өз билгенин жасап, кой деген кожосу жок чаржайыт багытка түшкөн. Ошондукган төрөт үйүн жабуу маселеси да турат. Ошондой шалаакылыктардын айынан жаңы төрөлгөн ымыркайларга инфекция кирип, алардын төртөө «остеомиелит» оорусуна кабылып майып болуп калышкан. Бул арызданып чыккандары гана, дагы текшерилип жур-гөндөр аз эмес. Анысы аз келгенсип, энелердин эки-үч өлүмү даты катталган. Дарыгерлердин мындай аракеттерин «мыкаачылык» катары бааласа болоор… Ошондой эле төрөт бөлүмдө коррупциялык иштерге, кош бойлуу аялдардан мыйзамсыз акча чогултууга, врачтык этиканы унутуп сактабагандыкка, моралдык-психологиялык абалдын начарлашына жол бергеңдиги үчүн катардагы врачтарды, акушерлерди эмес, директор Маанаевдин өзүн жоопкерчиликке тартыш керек эле. Бөлүмдөгү аталгандай тескери көрүнүштөр, кемчиликгер бир күндө эле кокусунан чыга калган жок да, ал ырааттуу түрдө көптөн бери жолго салыньш калганына терең акылдын же текшерип далилдөөнүн деле кажети жок. Эгер кемчиликтер жетекчиге мурда-кийин жетпеген болсо, анда аны байкабагандыгы үчүн деле жооп бериши керек болчу. Бирок ошол кемчиликтерге өзүнүн шалаакылыгы, ишке кайдигерлиги менен жол берген директор Маанаев эмнегедир жазадан кутулуп келет. Ишинен кеткенди кой, а түгүл сөгүш да албаптыр. Тескерисинче, 2017-жылы “Эмгек сиңирген врач” болуптур. Былтыр төрөтканадан коркунучтуу инфекция күчөп төрт бала майьш болуп жатса, анын директору сыйлык алат. Же кыргызда колунда токочу бар бала сүймөнчүк болот дегени ушулбу? Ага сыйлык эмес, иштен айдаш керек болчу. Эми Саламатгык сактоо министрлигинин мындай көңүл коштугун же ыраатгуу түрдө адам өмүрүнө шалаакылык менен мамиле жасагандарды сыйлаган “курсташчьш” мурунку министрдин жолуна жацы министр түшө койбостур.

Бул айткандарыбыз боюнча, Ысык-Көл областтык саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча Координациялык кецештин отурумунун 2018-жылдын 16-февралындагы чечиминде областтык бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү медициналык кызмат көрсөтүүнүн абалы канааттандырарлык змее жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, Т.И.Маанаевдин ишине баа берилип, кызмат абалы боюнча маселе каралган менен жыйынтык али чыга элек.

Каракол тқрқт үйүнөн азапка кабылган энелер

Эмесе сөзүбүз куру кетпесин, төрөт үйүнөн жабыр тартышкан энелер: Жети-Өгүз району, Конкино айылы, Алапаев көчөсү №35 тургуну 09.09.1990-жылы туулган Гүлжигит кызы Айчүрөк; Каракол шаары, Восход кичирайону 11-37 жашоочусу Муратбекова Үмүт; Каракол шаары Жамансариев көчөсү 181-7 жашоочусу Кадырова Шахида; Туп району, Ынтымак айылы, Ленин көчөсүнүн жашоочусу23.04.1987-жылы туулган Дүйшөбаева Шайыркүл; Туп району, Арал айылы, Имадыл көчөсүнүн тургуну 26.06.1980-жылы туулган Азаева Айнура жана Каракол шаары, Жусаев көчөсү №92 жашоочусу 11.03.1989-жылы туулган Өмүрканова Кундуз ж.б.лардын азапка түшкөнүнө көңүл бурсак.

Гүлжигит кызы Айчүрөк: “Маанаевге кайрылсак, Асанбекова 2000 сомдон карматып койду

-Боюмда бар кезде анализдерим жакшы болчу 2017-жылдын 8-мартында Каракол шаардык областтык төрөтканасында төрөтүм жеңил өтүп, кыз төрөдүм. Кыз саргайып (желтуха) болгонунан бизди дагы 2-3 кун кармаласыңар дешти. “Лампага кактайбыз” дешип, балдардын патология бөлүмүнө которушкан. 6-суткада УЗИге тартып, “башында киста бар экен” дешти. Ага байланыштуу кызыма актовегин сайышты. Экинчи жолу сайганда ичи көөп, тынчы кете баштады. Бул уколдон эместигин айтышты. Үчүнчү жолу сайганда кызым онтоп, табы көтөрүлө баштады. Акыры жандандыруу бөлүмунө түштүк. Баш-аягы ооруканада 28 күн жаттык. Убагында туура диагноз койбогондугу үчүн ириң денесине тарап кетип жатпайбы? Элмира Асанбекова рентгенди карап “дисплазия” деп, “Баланы бир ай бир бөлмөдө эч кимди киргизбей карагыла. Анан Бишкекке алып барып карагыла” – деп ооруканадан чыгарып салды.

Үйгө келгенде кызымдын ичи ооруп жатат деп ары-бери көтөрө бериптирбиз. Көрсө кызымдын сөөктөрү иривдеп, ооруп жатканын билсем кана?.. Чыркырап ыйлайт, эси ооп 10 мүнөтгөй уктайт, кайра ыйлай баштайт. Акыры төрөтканадагы жандандыруу бөлүмүнүн башчысына барсам ал кызымдын бутун ачып көрүп, “Дароо Бишкекке жө-нөгүлө” – деди. Бишкектеги балдар ооруканасы кызыма “остеомиелит” деп диагноз чыгарышты. Кыздын бутуна ортопедиялык абдуктор аппаратын кийгизишти. Ошондо кызымдын 3 күн, 3 тун чыркырап үнү Кудайга жетти жүрөктү эзип.

Маанаев менен Асанбековага акча эле керек турбайбы?

Бишкектен инфекция өзүмдөн жукканбы деп сурасам, врачтар: “Бул энеден балага жукчу инфекция эмес. Бул оорукана инфекциясы. Киндигин кесип жатканда же укол сайганда жугушу мүмкүн” – дешти. Врачтар маалында жакшылап карап койсо болот беле, эми балдар өнөкөт остеомиелит болуп, 2-категориядагы майып болуп кальциты. Балдарыбыздын жыл айланган ыйы басылганда Каракол торотканасына, облустук оорукананын директору Т.И.Маанаевге кайрылсак ал чакырды. Бирок бизди Э.А.Асанбекова тосуп алып, кагаздарыбызды карабай эле акча жагынан жардам бермек болуп, үчөөбүзгө 2000 сомдон 6000 сом карматып койду. Буларга акча эле керек турбайбы деп туруп калдык. Анан ызаланып, өкмөттүн аппаратына арыз жаз-дым. Ошондон кийин гана облустун врачтары чогулуш кылышты. (08.02.2018-жылы болуш керек-авт. А.Б.). Анан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери чогулуш кылып, марттын башында “Силердин арызыңар прокуратурага кетги” дешкен. Ошондон кийин патология бөлүмүнөн бир медайым “Арыз жазгандардьш ар бирине 20 миң сомдон берели, кийин жардам берип турабыз”- деп үйгө келиптир. Башында эле көңүл буруп, колдоп коюшеа болмок да. Сунуштарын кабыл алган жокпуз. Жооп жок болгондуктан жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрыла баштадык. Иш кайра жанданды. Прокуратурага барсак, 29-мартта гаңа арыз түшкөнүн айтып жатпайбы. Ага чейин биздин арызды ким кармап отурганы белгисиз. Өкмөттүн аппаратынан иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кат келди: “Кызматтык иликтоо иштеринин жыйынтыгы боюнча арызда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталды” – деп. Оорукананын директорунун орун басары оз каалоосу менен жумуштан кетиптир, ал эми Элмира Асанбекова бөлүм башчылыгынан түшүп, кадр жетпегенине байланьшггуу убактылуу катардагы врач болуп иштеп жатыптыр. Министрликтен комиссия түзүлгөн, жыйынтыгы апрелдин аягында чыгат деген, дале чыга элек. Убакыпы чоюп отуруп же ары эмес, же бери эмес жыйынтык чыгарып коюшат го деп корком. Арыз жазган төртөөбүз, андан сырткары дагы үч адам балдарын текшертип жүрүшөт.

Азаева Айнура: “Көрсө, төрөтканада остеомиелитти козгоочу стафилококк бактериясы бар экен”

-2017-жылдын 16-мартында Каракол шаарындагы төрөтканага баргам. Кан басымым жогору болуп, 17-мартга кесарево жолуменен уул төрөдүм. 5 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Анан балдардьш патология бөлүмүнө которулдук. Балам 1-2 күн жакшы эле жүргөн. Анан врачтар “балаццын башында гематома бар экен” деп дары жазышты, актовегин дарысын сайышты. Биринчи туну баламдын дене табы көтөрүлүп ыйлап чыкты. Эртеси дагы актовегин сайышты, ал туну баланын табы 39га чейин которулду. Корее ошондо эле инфекция жайыла баштаган окшойт. Сол жак бутунун тизеси шишип, кол тийгизбей 3 күн ыйлады. Чыдабай калганда балдар патология бөлүмүнүн башчысы Асанбекова Элмирага барсак рентгенге тартып, “Балаң дисплазия, сөөгү жетпей турат. Эч кандай эмдөө кылбагыла, бир айдан кийин келесиңер” – деп ооруканадан чыгарып салды.

Көрсө, остеомиелитги козгоочу стафилококк бактериясы бизден мурун деле ошол торотканада бар экен. Анткени арыз жазган энелердин арасында Шахида Матухтаеванын баласы 2016-жылы остеомиелит болуптур. Төрөт уйу дезинфекция иштерин жүргүзүшү керек эле да. Канчалаган баланын убалына, ата-эненин көз жашына калып жа-тышат?!

Торотканада баш-аягы 12 кун жаттым. Үйгө келгенде деле баламдын ыйлаганы басылбаганынан кайра Караколго келдик. Элмира Асанбекова көрдү, бирок эч нерсе кылган жок. Анан Бишкекке 17-апрелде келсек, врачтар дароо остеомиелит деп диагноз коюп, “Копко дарыланышыңар керек” – дешти. Жаңы төрөлгөн, эч нерсе айта албаган наристе кандай кыйналды?! Эне учун баласынын кыйналганын көргөндөн артык азап болбойт экен. Эртерээк барганыбыз учун врачтар оору терең жайылып кете электе токтотуп калышты. Күтүүдүн өткөн жаман нерсе жок экен. Арызданчу жердин баарына арыздандык. Баары эле “күткүлө” дешет, күтүп жатабыз…

(Уландысы бар)

Асылбек Бектенов

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: