Menu

Урмат Самаев, депутат:  “Чүй милициясы кадрдык жүрүштөр менен гана алектенип, кылмыш ачуудан артта калды”

Бөлүшүү:

— Урмат мырза, Чүй облусунда соңку убакта кырсык, кылмыш окуялары жүрөк титиретип, бул жагынан облустук милициянын иши маалымат каражаттарында сынга алынууда. Региондун тыңчыкмасы катары мындай көйгөйгө оюңуз кандай? Кичи мекениңиздин маселесин парламенттен көтөрбөйсүзбү?

— Маселелер көтөрүлүп эле жатпайбы? Көз жаздымда калган көйгөйлөр деле жок. Кайсыны айтып атасың, “көтөрүлбөй жатат” деп?

— Кырсык, кылмыш…

— Облустагы кылмыш, кырсык окуяларын жакында ИИМ башчысы генерал Кашкар Жунушалиев парламентке отчетко келгенде өзүнө да баса белгилеп айтып, көйгөйлөрдү көрсөтүп берем керек болсо… Токмокто дайын-дареги жок жоголгон эки кыргыз жаш баланын ушул күнгө чейин изи табыла элек. Ушул эки жигиттин энесинин бирөөсү “жакында Акүй алдына чыгып, өзүмдү өзүм өрттөйм” деп жатат. Ошол эле Токмокто дунган улутундагы эки жигитти өлтүрүп, энесин комага түшкүчө сабаган айбандар да ушул кезге чейин табыла элек. Ушунун баарын парламенттин трибунасынан канча ирет көтөрдүм? Жооп же жылыш жок.

— Бул багыттагы көйгөйлөр менен күрөшүүнү токтотпойт окшойсуз?

— Ооба да. Сары Өзөн Чүйдүн борбору Токмок шаарында көп катталып жаткан каракчылык, талап-тоноо жана айрым адам өлтүрүү фактыларынын ачылбай жатканы боюнча иштерди министрдин назарына бул сапар да коюуга белсенип турам. Чүй облусунда мал уурулук да көбөйүп кетти, бул жагынан да сөз кылсак болот. Жакында Жайыл районунан 45 баш жылкыны эки аяктуу адам сымал айбандар уурдай качып, Казакстанга кирип кеткени сөз болууда. Төрт жыл мурун Кемин районунан жүз баш жылкы жоголгон. Кылмышкерлерден дайын жок. Мунун баарын күч органдарынын жетекчилерине далай ирет айтып отуруп, тил тешилгендей болду. Кана кылмышкерлер? Чүй облусунун милиция жетекчилери болсо кадрдык иштер менен көбүрөөк алектенип, кылмыш ачууда кашаңдык кылып жатышканын кайда катабыз? Ушуга окшогон жана мындан башка да укук коргоо органдары тыкыр көзөмөл кылчу иштердин баарысын Кашкар Жунушалиевден суроого даярмын.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: