Menu

Жыпар Жекшеев: “Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеӊеши 2017-жылы 4 жыйын өткөрүүгө тийиш болсо, ал 13 жыйын өткөрдү”

Бөлүшүү:

Байкоочу кеӊештин Азамат Болгонбаеден башка мүчөлөрү толугу менен КТРКнын 2017-жылдагы ишине «канааттандырарлык» деген баа берди., – Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеӊешинин төрагасы Жыпар Жекшеев Жогорку Кеӊеште Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчету угулуп жатканда билдирди. Жыйынга КТРК жетекчилиги менен анын Байкоочу кеӊешинин мүчөлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Жыпар Жекшеев мыйзам талабына ылайык Байкоочу кеӊеш жыл ичинде 4 жолу жыйын өткөрүүгө тийиш, бирок айрым бир муктаждыктарга байланыштуу 2017-жылы 13 кезектеги жана кезексиз жыйын өткөрүүгө туура келгенин белгиледи. «Байкоочу кеӊештин жыйындарында негизинен КТРКнын контентин жакшыртуу, санариптик көрсөтүүгө өтүүгө даярдык көрүү маселелери, материалдык-техникалык абалды жакшыртуу чаралары, каржылык-чарбачылык иштери сындуу кечиктирилгис маселелер каралды», – деди ал.

КТРКнын каржылык-чарбачылык иштерине тышкы аудит жүргүзүүгө каржы тартыш болгондуктан, бул иш Эсептөө палатасы тарабынан аткарылып келатканы белгилүү болду. «Телекөрсөтүүлөр менен радиоуктурууларга такай монитортинг жүргүзүлүп келет. Мисалы, өлкө аймагы боюнча жүргүзүлгөн мониторигдин жыйынтыгында, КТРКнын 5 каналдан турган радиоуктуруулар бирикмесинин ишине оӊ баа берилди. Байкоочу кеӊешке түшкөн каттар кат ээлеринин катышуусунда каралып, айрымдары тийиштүү мамлекеттик органдардын кароосуна да жөнөтүлүп турат», – деди Жыпар Жекшеев.

Байкоочу кеӊешинин төрагасы КТРКда 908 адам иштейт, бирок маянасы аз, турак жайлары жок болгондуктан, мыкты адистер менен журналисттердин жумуштап бошоп кетүүсү улам арбып баратканы байкалып жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеӊеште угулуп жаткан Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчетун талкуулоо жол-жоболору суроо-жооп таризинде улантылууда.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: