Menu

Зарылбектин зарыл маселеси эмнеге каралбай жатат?

Бөлүшүү:

Нарын шаардык соту 2013-жылы 9-апрелде Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти шашылыш карап, чечим чыгаргандан бери туура 5 жыл өттү. Бирок бул боюнча эч ким жоопко тартыла элек. Ал тургай козголгон кылмыш иши токтоп калган эле. Батукаев ошол сот чечими менен Нарындан чыгып “Манас” аба майданынын VIP залынан чыгып, Чеченстандын Грозный шаарына жеке менчик учак менен учуп кеткен. Ал кезде Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Жогорку Кеңеште азыр депутат болуп олтурган Зарылбек Рысалиев болчу. Рысалиевдин дарегине бул маселе боюнча көп сындар айтылган. Намыстанган генерал акыркы күндөрү Батукаев боюнча токтоп калган кылмыш ишин жандантып, тергөөнү башташын талап кылууда. Ал бул боюнча: “Тергөөнү баштап, ага мени, Шамиль Атахановду, Феликс Куловду, Болот Шерди, Өмүрбек Текебаевди, Алмазбек Атамбаевди, Аида Салянованы чакыртып, суракка алышсын. Батукаевдин бийликтеги байланыштары тууралуу жакында эле полковник Эрнист Исаев гезиттерге маек курду. Ошолордун баары болгон да. Азыркы күндө ошондой көрсөтмө бере турган адамдардын көзү тирүү. Ал кишилер дагы көрсөтмө беришет. Акыры чындык чыгышы керек. Бул жерде буга ким демилгечи болгон, ким буйрук берген? Кимдер аны аткарган? Менин бул ишке канчалык тиешем бар? Же болбосо башка адамдардын ага тиешеси болуп, бирок алардын баары көмүскөдө калып, тыйындарын алып жеп алышып, анан мен эле баягы “жебеген самсага пул төлөдү” болуп, “жалгыз эле Рысалиев күнөөлүү” болуп журбөймбү?” – деп агынан жарылган. Бирок бийлик Зарылбек мырзанын бул маселесине көп деле көңүл бурбай турат.

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: