2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба жерлери жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча Самаковго 2015-жылдын май айында кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылганы баарыбызга маалым. 1-июнда Бишкек шаардык соту парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго карата чыккан ошол өкүмдү күчүндө калтырып койду. Ал эми ошол Чүйдөгү жерлерди менчикке чыгарууга токтом токуган ошол кездеги премьер-министр, азыркы депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдер болгону 5 миллион айып пул менен кутулуп кетишти. Логика кайда? Бул иштин эң башкы күнөөкөрү, негиздөөчүсү Чудинов болуп жатса, ал минтип эркиндикте жүргөнү кайсы мыйзамга сыят?
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ