Menu

Ала-Букада 200-300 гектар жер Өзбекстанга өтүп кеттиби?

Бөлүшүү:

Бул маалымат интернетке тарады. Мекенчил жигиттер бул маселени жеринде барып, Өзбекстанга өтүп кетти деген жерлерди тасмага тарткан соң, ушундай маалымат таратышкан. Маалыматта: Ала-Бука районунун Көк-Серек Ажек айылынын көптөгөн гектар жерлерин Өзбекстан өздөштүрүп алганы айтылган. 2000-жылдары өзбек тарап чек арасын тактап баштаганда чек ара минумум 5 км ары жакта экен. Ошол жерлерде зым сеткалар тартылыптыр. Анан эле биздикилер Ажек тарапты унутушканда, булар келип, жол салып, эки айылдын ортосундагы тоонун боору менен жол салып башташыптыр. Ал тоодогу жол эми кайда барат” дебейсиздерби? Эч жакка! Жөн эле жол салымыш болуп жатышыптыр. Кыргызстандын эки айылынын ортосундагы тоо. Ошол тоону алып коюштур. Балким бул тоодо биз билген миллиарддаган сомго барабар алтын, күмүш, нефть жаткандыр. Булар жөн жол салышмак эмес. Ошол тоонун астындагы байлыкка кызыгып жаткандыр балким.

Кароосуз калган кандай жерибиз болсо булар басып алышкан экен. Ушул эле жердин “Камчатка” деп аталчу 80-90 гектар (балким мындан бир топ эле көп) айдоо жерибиздин өтүп кеткендиги аныкталды. Айдоо жердин ортосунан жол салып алышыптыр.  Бул жерлер илгери колхоздун жери болуп, ага буудай, арпа себилчү экен. Алар жыйналып алынган соң, колхоздун кампасына алып барып төгүшүп, кийин союз тараган соң, бул жерлерди Өзбекстандан чыккан, дыйкандар арендага алып иштетишчү экен. Чек араларды тактай баштаганда “Камчаткадагы” тоонун астынан тарткан экен Өзбекстан зым сеткасын. Анан кантип эле булар биз жакка өтүп кетти, таң калыштуу. Жалпысынан элдердин айтымында 200-300 гектар жер Өзбекстан тарапка өтүп кеткен. Бул маселени албетте карап чыгуу керек. Аянты өтө чоң жер. Мындай болбойт.

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: