Menu

Жээнбеков Кыргызстанда электромобиль чыгаруу боюнча кыргыз-кытай ишканасын ачууну сунуштады

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июнда Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуп, кытай тарапка Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен завод ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

Мамлекет башчы Кыргызстан кытай электромобилдерин чыгаруу жана аларды Борбор Азия, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бериши мүмкүндүгүн белгиледи.

«Сиздин «Бир алкак – бир жол» демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багытын келечектүү багыт деп эсептейм», – деди Жээнбеков.

Учурда Кыргызстанда автоунаалар өндүрүлбөйт. Алардын көбү Жапониядан, Европа өлкөлөрүнөн, Орусия жана АКШдан алып келинет.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен 6-8 июнда Кытайда мамлекеттик сапарда болот. Бул күндөрү Жээнбеков Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолугат жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: