Menu

Өзбекстанда студенттин өлүмү боюнча негизги айыпталуучу эркиндикте калууда

Бөлүшүү:

Наманган облусундагы Агроэкономикалык колледждин 3-курсунун студенти Абдугаффар Алижановдун өлүмү боюнча негизги айыпталуучу дале эркиндикте калууда. Бул тууралуу маркум өспүрүмдүн туугандары жана тергөө иштерине жакындан тааныш адамдар билдиришүүдө.

Абдугаффар Алижановду курсташтары 1-июнда окуу жайдын короосунда өлөрчө сабашкан.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү милиция кызматкеринин айтымында, Алижановдун өлүмүнө шектелип аталган колледждин 2-курсунда окуган беш студент кармалып, аларга каршы кылмыш иши козголгон. Адамдын денесине атайылап зыян келтирүү беренеси менен айыпталып жаткан өспүрүмдөр сегиз жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн. Ал белгилегендей, бирок бул кылмыш боюнча негизги айыпталуучу дале эркиндикте калууда.

– Аталган окуу жайдын 2-курсунун дагы бир студенти негизги айыпталуучу болуп эсептелет. Абдугаффарды дал ошол бала биринчилерден болуп урган. Бирок анын атасы бай жана облустагы таасирдүү адам болгондуктан ал дале эркиндикте жүрөт. Ага эч кандай айып тагылган жок», — деди милиция кызматкери.

Ал кармалган берки өспүрүмдөргө карата тергөө абагында кыйноолор болуп жатканын кошумчалады.

Курсташтарынын колунан каза тапкан өспүрүмдүн атасы Тахир Алижанов бул ишти башка райондун же облустун тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү өтүнүчү менен президентке кайрылганын билдирди.

– Алар онго жакын болчу. Мен окуяга күбө болгон адамдар менен сүйлөштүм. Үч-төрт бала уулумду тепкилешип, калгандары башкаларды жолотпоо үчүн аларды курчап алышкан. Бул уюшкан кылмыштуу топ болбогондо анан эмне? Азыр уулумдун өлүмү боюнча негизги айыпталуучу эркиндикте жүрөт. Эмнеге ага кылмыш иши козголбойт? Мен мындай адилетсиз тергөөгө чыдай албайм», — деди ал.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: