Menu

Сапар күнөөсүзбү?

Бөлүшүү:

Интернетте айрым социалдык тармактын колдонуучулары мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдогон флешмоб уюштурушууда. “Сапар Исаковдон колунду тарт”, “Мен ишенбейм’’- сыяктуу орусча хэштег менен жазылган билдирүүлөр айрыкча “Фейсбукта” көп жазылып, “Исаков күнөөсуз” деген пикирлер айтылууда. Бирок экс-премьер-министрди колдогондор фейктер болууда жана бир да социалдык тармакта чыныгы өзүнүн аты-жөнү менен чыгып жазгандар көрүнбөйт. Сыягы, Бишкектеги ЖЭБден желип кеткен 386 млн. доллар боюнча айып тагылып, үчүнчү ирет УКМКга суракка чакырылып, айып тагылган жана эч жакка кетпөө боюнча эскертүү берилген С.Исаков сот жообуна тартыларына көзү жетип, айла кеткенде ушундай ыкма менен коргонууга өттү окшойт. Бир чети жогорудагы флешмобдун уюштуруучулары пикирлерин орусча жазгандыгына караганда, алар баягы эле шефи менен кошо “отставкага кетип”, азыр үйүндө жатып эригип калган “алтын баштуу” Гарвардды бүткөн 11 сулуу кенешчилери болсо керек. Булар бийликте турганда “Кырк кадам”, “2040-жылга чейин өнүгүүнүн стратегиясы”, “Таза коом”, “Таза жашоо” сыяктуу кагаздан реалдуу турмушка ашпаган утопиялык пландарды ойлоп таап, анын түбү айланып келип өздөрунун отставкасы менен аяктабады беле. С.Исаков эми башында “Домокл кылычындай” саландап турган кылмыш жоопкерчилигинен да ушундай жол менен кутулгусу келип атат окшойт.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: