Menu

Кыргыз-тажик чек арсында видеокөзөмөл пайда болду

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан Республикасы менен чектешкен аймагындагы ар бир кыймыл-аракет мындан ары видео каттагычка түшүрүлөт. Анткени, чек ара аймагындагы талаш-тартыштуу учурларды, чырлуу маселелерди териштирүү маалында чыныгы далил менен болуусу үчүн эл аралык уюмдар чек ара кызматкерлерин заманбап видеотехника менен камсыз этишти.

– Ооба. Чек арада чыр-чатак катталган маалда кайсы тараптан тартип бузуу катталгандыгын ырастоо абдан кыйынга турган. Мындан ары аталган видеокаттагычтар ушунун баарын жазып турат.

Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында эки ирет чыр катталды. Анда кайсы тарап чек ара тартибин бузгандыгын аныктоо чоң кыйынчылык жаратты. Ушул тапта эл аралык уюм тарабынан келген 77 даана чакан видеокамераны дал ушул кыргыз-тажик чек арачыларына таратабыз,- деди Баткен облустук чек ара башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Кыялбек Төлөнбаев.

Кыргыз-Тажик чек арасынын узундугу 970 чакырым. Мунун ичинен 450 чакырымга созулган тилке алигүнчө тактала элек.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: