Menu

Мамат Орозбаев Ош облусттук керек-жарак коомунун башкы имаратын талашып атат

Бөлүшүү:

Ош облустук райондор аралык соту Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдери Биримдигинин башкармалыгынын азыркы төрагасы Бектемир Ражапов менен мурунку төрагасы Мамат Орозбаевдин арыздарын териштирүүгө киришти. Буга ылайык аталган мекеменин көп кабаттуу жана эң уникалдуу имараты ушул тапта чоң талашка түшүп олтурат.

Ырас, Мамат Орозбаев көптөгөн жылдар бою Ош облустук керек-жарак Союзунда жетекчилик кызматты аркалаган. Ошол жерден агарып-көгөрүп, анан гана ардактуу эс алууга татыктуу узатылган. Ошондуктан, ушул тапта ал Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдери Биримдигинин мүчөсү эмес. Демек, аталган уюмдун бүгүнкү күндө Мамат Орозбаевдин алдында сокур тыйын карызы жок. Ошондой эле анын алдында милдеттенмеси дагы болгон эмес.

Бирок. Барга алымсынбаган Мамат мырзa эми минтип Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайланышкан Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдери Биримдигинин башкы имаратына дагы уялбастан сугун артып олтурат.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: