Menu

Райымбек Матраимов: “Атамбаев камакка алынып жаткан коррупционерлерди саясат менен аралаштырбасын”

Бөлүшүү:

“Темир тор артына түшүп жаткан адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек. Сапар Исаковбу, Кубанычбек Кулматовбу же башкабы  айрымасы жок. Алардын айыптары сотто далилдениши керек. Ошондуктан экс-президент бул иштерде өзүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгы болбосо буга саясый түс берүүгө жанталашпаш керек. Анын жардамы жок эле чын-бышыгына  жетишишет”, – деп билдирди КР Бажы кызматынын төрагасынын эк-орун басары Райымбек Матраимов “Кабарлар” агенттигине интервью берип.

“Мен экс-президент Атамбаевдин жаалданып жатканына түшүнбөйм. Анын досторун ар түрдүү кылмыш иштери боюнча камакка алышты. Сапар Исаковду Бишкек ТЭЦиндеги авария жана тендер өткөрүүдөгү уурдоолор боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартып жатышат. Кубанычбек Кулматовго мектептин курулушундагы уурдоолор боюнча шек жараткан иштер боюнча мыйзамдуу суроолор бар. Жооп беришсин. Мындай учурда Атамбаевдин кыйкырыктары түшүнүксүз жана орунсуз, Атамбаев жана анын командасы жогоруда аталган долбоорлорду жек өздөрү көзөмөлдөшкөн. Ошондуктан Атамбаевдин бардык жаңжалдарга мени аралаштыргысы келгени түшүнүксүз”, – деди Матраимов.

Андан сырткары эки-үч күн мурун Бажы кызматынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, Кубанычбек Кулматовдун кызматынан кетип жатып айткан калпын ашкерелешти. “Кулматов сандарды элге будамайлап билдирген. Казак-кытай чек арасы жабылып калганда Кытайдан келип жаткан товарлар бүт Кыргызстан аркылуу кирип турган. Ошондуктан төлөмдөр көбөйгөн, бирок бул жерде Кулматовдун буга тиешеси жок. Азыр да абал өзгөрүп жатат, бирок буга да Атамбаевдин жана анын досторунун тиешеси жок. Ошондуктан Атамбаевдин командасы атайын коомчулуктун көңүлүн башка жактарга алагды кылыш үчүн ушуларды ойлоп таап жатат деген ой келет”, – деди Райымбек Матраимов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: