Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында 2018-жылдын 5-июнь күнү саат 16:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан-чачындын жана мөндүрдүн кесепетинен Кыргыз-Ата айылында 3 турак үйдүн 100 даана ондулини, Ак-Булак айылында 12 турак үйдүн 140 даана шифери жана 170 даана ондулини жабыркаган. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жалпы айыл аймак боюнча 15 турак үйдүн чатырынын 140 даана шифери, 270 даана ондулини жараксыз абалга келген. Андан сырткары мөмө-жемиштерге, эгиндерге жана бак-дарактарга зыян келтирген.
КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүм башчысынын орун басары жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөө иштерин жүргүзүшкөн. Ноокат райондук жарандык коргонуу комиссиясынын маалыматына ылайык, 75га мөмө-жемиш дарактар, 13га эгин талаалар зыянга учурап, материалдык чыгым 2 640 000 сомду түзгөн. Жалпы айыл аймак боюнча материалдык чыгым болжол менен 2 796 500 сомду түзгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ