Menu

Каракалпакстанда 4 жашар кыз аттракциондо мерт болду

Бөлүшүү:

Каракалпакстан республикасынын Төрткүл шаарында аттракциондо 4 жашар кыз набыт болду. Маалыматтарга караганда, аны балдар паровозу тебелеп кеткен.

Окуя 31-майда – Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында катталган.

Төрткүл районунун акиминин орун басары Хайрулла Матназаров «Ёшлар» паркында кырсык болгонун тастыктады.

-Аттракцион мамлекетке эмес ишкерлерге таандык болгон. Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтөө жүргүзүп жатышат. Аттракциондордун коопсуздугу текшерилүүдө. Анын жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк маалымат беребиз, – деди ал.

Күбөлөрдүн бири трагедияга коопсуздук эрежелерин сактабагандык себеп болгонун айтты:

– Ал кыз майрамга бир күн калганда апасы менен паркка барган экен. Наристе аттрокциондор тосулган тосмону аттап өтүп, паровозго жакын барган. Ошол маалда оператор коопсуздукту текшербей, паровозду жүргүзүп жиберген. Кыз ошол жерден жан берген, – деди ал.

Төрткүлдүктөрдүн айтымында «Ёшлар» паркынын колдонуу мөөнөтү эбак өтүп кеткен. Бир жыл мурун ал жерге Ташкенттен эски аттракциондору алып келип орнотушкан. Алардын айрымдарында коопсуздук кемерлери жок же өтө эскирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: