Айрым маалымат булактары «ишкер Нариман Түлеев Чолпон Жакупованын энесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барып, куран окуткан жерде президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаевдин мурдун канжалата сабап салды» деген маалыматтарды жазышты. Мунун чын-бышыгын өзүнөн тактоо үчүн каарманыбызга кайрылдык.
– Нариман мырза, куран окуткан жерде Нарымбаевди канжалата сабап салганыңыз тууралуу сөз тарады. Уруш эмнеден чыкты?
– Биринчиден, «Нарымбаевдин мурдун канжалата сабады» деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул журналисттердин көбүртүп-жабыртып тараткан маалыматы. Мен болгону салам бербей, сөгүп кеттим. Нарымбаев учурашууга татыксыз адам. Атамбаевди ажыдаар кылган үч адам болсо, ошонун бирөө ал. Мени каматканга салым кошкон, камакта жатканымда үй-бүлөмдү «геноцид» кылган ушул адам. Анан мен ага кантип кол сунам?
– Сапар Исаковду да сөктүңүзбү? Анда кандай кегиңиз бар?
– Сапар Исаковдун миллиондогон суммадагы коррупциялык былыктары чыгып жатат. Аны менен да учурашууга дитим барган жок. Ага да кол бербей, бастым кеттим. Болгону ошол.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ