Menu

Акылбек Жамангулов: Мегакомдон сырткары “Айыл Банк” менен “РСК Банктын” жетекчилеринин каржылык жагы текшерилет

Бөлүшүү:

Акылбек Жекшенович, «Мегакомдун» жетекчиси Азат Базаркуловдун айлыгына кантип кызыгып калдыңыз?

– Мен жалгыз эле «Мегакомдун» эмес, мамлекеттик үлүшү бар чоң мекемелердин каржылык эсеп боюнча актыларын эсептөө палатадан сураттым. «Манас» аэропорту, «Кыргыз темир жолу», «Кыргызтелеком», «Кыргыз почтасы», «Кыргызнефтегаз», «Мегаком» баш болгон чоң мекемелердин жетекчилери, орун басарлары, кеңешчилери кандай айлык маяна алышат, бюджеттен канча каражат каралган?» деген суроо менен мүлк фондуна кайрылуу жолдогом. «Айыл Банк» менен «РСК Банктын» дагы айлык маяналарын сураттым. Мага бул маалыматтарды бербей эки ай созуп жүрүштү. Мүлк фондунан маалыматты ала албай жаткандыгым боюнча премьер-министрге кайрылгандан кийин гана мага маалыматты беришти. Эми булардын айлык акыларын көрсөң, көп маселелер чыгат. Жакын арада сөз менен эмес, кагаз жүзүндө далилдүү  маалыматтарды чыгарууну туура көрүп турам. Мен айтып аткан «Кыргызтелеком» компаниясы мамлекеттик чоң ишкана. Натыйжалуу иш алып баралбай, банкрот болуу алдында турат. Ошого карабастан директору өзүнө 100 миң сом айлык маяна коюп алыптыр. Ал эми «Мегаком» компаниясы планга коюлган каржыдан 2 миллиардга жакын акча жетпей, планга чыкпай калышкан. Мындан улам «сатыкка кетет» деген компаниянын жетекчиси 700 миң айлык алууга моралдык укугу бар беле? Мына ушундай ашыкча чыгымдарды карап жатабыз.

– Айлык маянадан сырткаркы чыгымдары кандай экен?

– Буга чейин чоң-чоң мекемелер айлык акыдан сырткары ар кандай иш-чараларга миллиондогон акча каражаттарын коротушарын айтып чыккам. Ошол эле «Мегаком» 50 миллион акча каражатын, «Кыргыз темир жолу» ишканасы 100 миллиондогон каражаттарды сарпташат экен. Азат Базаркулов ай сайын өзүнүн чөнтөк телефонуна 50 миң сомго бирдик салары айтылып атат. Мындан сырткары, 2 тоннага чейин бензин жаздырып, айдаганга машинелери, жатаканалары болуп оңбогондой акча каражатын сарпташат экен. Компаниянын жетекчилери мамлекеттин акчасын каалагандай колдонуп көнүшкөн. Мага «Айыл Банк» менен «РСК Банктын» жетекчилери дагы «Мегакомдун» жетекчисинен кем эмес айлык акы алары, каржылык жагдайлары жагынан маалыматтар келип түштү. Бул боюнча да маселе көтөрөбүз.

– Кирешелүү мекемелердин жетекчиси катары алып атышат да?

-Жакшы айлык алышсын. Бирок мынчалык чоң айлык жазып алуудан уялыш керек да. Мамлекетке өмүр бою кызмат кылып келе жаткан профессорлор, академиктер, мугалимдер 10 миң сом айлык алышат. А бул майлуу мекемелердин жетекчилери эң аз дегенде 100 миңден алышат экен. Мен ушул маалыматты чыгаргандан кийин «Мегакомдун» жетекчиси Азат Базаркуловдун кишилери мени менен байланышууга аракет кылышты, бирок мен сүйлөшкөн жокмун. Ойлоп көргүлө, «Мегакомдун» он менеджеринин айлык акысы Кыргызстандын миң кызматкеринин айлыгына туура келет экен. Эми бул маселени премьер-министр отчетко келгенде дагы сунуштайын деп турам. Мындай чыгымдарды кыскартышыбыз керек.

– Сиз Жогорку Кеңештин депутаты катары канча айлык акы аласыз?

– 30 миң сом маяна алам.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: