Menu

Ирина Карамушкина: Кызматка баруу үчүн КСДПга тизмеге киргендер биринчи болуп сатып кетишти

Бөлүшүү:

Өткөн саныбызда КСДПчы депутат Ирина Карамушкинанын маеги чыккан. Анда ал КСДПчы жаш активист Темирлан Султанбековдун дарегине «адекватсыз, кызыктай адам экен» деген сыяктуу ачуу сындарын айткан. Бирок, ал маекте Темирлан Султанбеков тууралуу эмес, Темирлан Ормуков тууралуу айткысы келгенин, кайрадан оңдоо киргизе турганын айткан эле. Мындан тышкары, Ирина айым КСДПчы Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камалышы туурасында дагы өз оюн айтты.

– Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камакка алынышы партия ичинде кандай реакция жаратты?

– Мен ар дайым партия жыйынында, Алмазбек Шаршенович менен чогуу өткөн жолугушууларда партиялаштарымды таза иштөөгө чакырып келгем. Чындыгында эл колдогон, революция жасаган партияга элдин үмүтү чоң эле. Партия элдин үмүтүн акташ керек болчу. Бирок, «адам аласы ичинде, мал аласы сыртында» дегендей, адам фактору болот экен. Ар бирине бирден кароол коё албайт экенсиң. Азыркы учурда коррупция боюнча камакка алынып жаткандардын баары эле КСДПнын өкүлдөрү эмес. Аны да эске алуу керек. Кулматов биздин партиянын атынан кызматка барган, бирок партия мүчөсү эмес. Эми эң башкысы, адилеттүү тергөө болушу шарт. Азыркы камоолор партиянын тизмесин түзүп жатканда тыкыр карап, маани бериш керек экенин көрсөттү. Учурунда КСДПга байлык топтоо үчүн, кызматка баруу үчүн тизмеге кирген адамдар биринчилерден болуп сатып кетишти.

– Өткөнкү санда «КСДПчы Темирлан Султанбековду адашып жамандап алыптырмын, кайра түзөтүү киргизейин» дедиңиз эле. Ким тууралуу айтмакчы элеңиз?

– Өткөндө суроого жооп берип жатып, шашып жатыппы же, суроого жакшы түшүнбөй калгамбы, айтор, Темирлан Ормуковду элеске тутуп, Темирлан Султанбеков менен алмаштырып сүйлөп алыпмын. Ормуков социалдык тармактар аркылуу оюна келгенди жазып, каралаган сөздөрдү тарката берет экен. Обу жок, негизсиз каралоолорду токтотуш керек.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: