Menu

Эл канын ичкен ар бир саясатчы жообун алышы шарт

Бөлүшүү:

«Кечээ Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаевдер камака алынышты. Бул саясый камактарга кандай пикир жаралууда?» деген сурообузду узаттык.

Руслан Машарапов, «Статус» берүүсунун автору:

– Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү менен иши бир аз айкалыша баштады окшойт. Анткени 27 жылдан бери мындай бийик даражадагы чиновниктер коррупция менен айыпталып суракка чакырылып, камакка алынганын Кыргызстан эстей албайт. Исаков, Кулматов, Артыкбаевдин камакка алынышы акыркы алты жылдагы жасалган иштер үчүн болуп жатат. Бул Атамбаевдин жүргүзгөн чалагайым саясатына кыжырданган элдин көксөөсүн сууткан менен өлкөнү кууратып келе жаткан коррупциянын тамыры алты жылдан алда канча ары кеткен. Муну сезип-билиш үчүн дассыккан саясатчы же серепчи болуунун деле кереги жок. Кыргызстандын жараны болуп бир-эки жыл жашоо жетипггүү. Эски оорубуз кармап, эми кезек камалгандарды колдогон бир ууч тобу будуң-чаң кылып баштабайбы?..

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын төрагасы:

– Президент Сооронбай Шариповичтин коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрү аткарыла баштады. «Коррупция менен күрөшүү аёосуз жүрөт, жакын тууган, досторума, партиялаштарыма да карабайм» деп айткандарын кечээ жакындагы Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаевдердин камакка алынышы далилдеп турат. Кайсы бир саясый күчтөр же топтор муну саясый куугунтук катары аныктама бергенге аракет кылып жатышат, бирок бул жерде эч кандай саясый куугунтук жок, бул накта коррупциялык элементтер менен коррупциялык схемаларга ымалашкан мамлекеттик кызматкерлер жана саясый адамдар камалып атат. Менин айтарым, акыркы чейрек кылымда Кыргызстандын түбүнө жеткирип жеп-ичкен адамдар чегине жетти. Булардын акыры жооп бере турган күнү келиш керек эле. Мен ойлойм, ушул багытга бара турган болсок, бардыгы жооп берет. Буларды жөн гана түрмөгө камап койбостон, тийиштүү мамлекетке келтирилген зыяндарды калыбына келтириши керек жана андан ары түрмөдө мөөнөтүн өтөшү керек, бул башкаларга да сабак болот.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: