Menu

Маевка айыл өкмөтү “концерт” баштайт имиш

Бөлүшүү:

Маевка айыл өкмөтүн Руслан Аалиев көп жылдардан бери башкарып келет. «Түшпөс хан» атка конуп, Бакиевдин, Атамбаевдин учурунан бери айылдагы жерлерди каалашынча сатып, каалашынча ары калчап, бери калчап, чайкоочулук менен иш алпарабы?

Анысы ал дейли. Маевка айыл өкмөтүнө тиешелүү каралбаган жерлерди дыйкандарга ижарага берип, ижара акысын төлөгөндөн кийин аны кайра тартып алмай адаты бар экенин айтып келишет. Шылтоосу «бул жер башка кишиники экен» деп, жалган документтерди көтөрүп чаап, чакчелекей, будуң-чаң чыгарып иймейинен далай дыйкандар жалкып бүтүшүптүр. Бул боюнча биздин редакцияга кайрылгандардын саны арбып келет. Алардын басымдуу бөлүгү ижарага жерди алып, айдатып, буудай, арпа, беде сээп, эми түшүмүн алууга келгенде айыл өкмөтү баягы «концертин» баштайт имиш. Ушул көйгөйлөр боюнча Руслан эмне деп үн катат? Угууга даярбыз…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: