Menu

Карыпбековду Гитлерге салыштырган Жолдошбаев

Бөлүшүү:

Илим Карыпбеков качан кызматтан кетерин 6-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында өзү билдирди. Учурда КТРК жана Байкоочу кеңеш парламентте маалымат берүүдө. Анда депутат Камчыбек Жолдошбаев КТРКдан 200дон ашык адам жумуштан айдалганын айтып, кызматтан кеткендер Карыпбековдун кетер күнүн күтүп жатканын айтты. «1945-жылдары элдер «Гитлерди качан жеңебиз?» деп күтүшкөн экен. Азыр жумуштан айдалган 200 адам сизди «качан жеңет экенбиз?» деп жүрөт» деди Жолдошбаев.

Илим Карыпбеков ал күн жакын калганын айтып, 8 айдан кийин кызматтан кете турганын билдирди. Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз коомдук биринчи каналды «депутаттарыбыз Өмүрбек Текебаевди, Канат Исаевди жөнсүз каралап жатканда Байкоочу кеңеш башын кумга катып, төө куштай болуп отурду. Шайлоо учурунда да башын катып отурду. Тагдырдын тамашасын караңыз, азыр эми КТРК 180 градуска бурулуп, бир кезде камчысын чаап, кызматын аткарып жаткандарды каралоого өттү деп катуу сынга алды.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: