Кыргыз Республикасынын Президентти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июнда, Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында «Кытай темир жол куруу корпорациясы» ЖЧКсынын (CRCC) жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул туралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташуу маселелери талкууланды, ошондой эле транспорттук-транзиттик, байланыш системаларын куруу демилгеси каралды.
«Кытай темир жол куруу корпорациясы» ЖЧКсы (CRCC) жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү өз компанияларынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти. Алар ошондой эле транспорт жана жол чарбачылыгы тармагында, андан сырткары инфраструктуралык ири долбоорлорду ишке ашыруу жаатында Кыргызстандагы компаниялар менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ