Menu

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Илим иним, КТРКнын кызматкерлери сени Гитлерге теңеп жатышат, “Карыпбеков качан кетет, ушундан качан кутулабыз ?” деп жатышат”

Бөлүшүү:

“Силердин көңүлүңөрдү бурайын деген нерсе, мага көп каттар келип жатат, чынын айтса силер жыргатып деле эч нерсе кылган жоксуңар. Эптеп эле баягы “Карыпбековдун кара жащиги” деп жатышпайбы, байкоочу кеңештин мүчөлөрү Жылдыздын телеберүүсүн көрсөтөт, Жекшеевдин телеберүүсүн көрсөтөт… Мына карагылачы, мага келген кагаздарды, канча жолу жаманатты болуп гезиттерге чыккансыңар, бир жерде “КТРК Карыпбековдун менчигиби?” деп жүрөт, бир жерде бир кызды алып барып инсульт кылып коюпсуңар, Чынара Капарованын каттары, мына, жалаң эле аялдардын иштери… 200дөн ашык кишини жумуштан бошотупсуңар,  алар сени каргап жатышат Илим иним, сен менин жердешимсин, бирок бул жерден абдан туура эмес иштерди жасап жатасын. Бул иштериңер туура эмес, себеби ремонтко эле бир жерден 1 чарчы метри 35-40 доллардык пластиковый стеклопакеттерди 70-80 доллардан сатып алып жасап жатасыңар, анан айтса жаман көрөсүңөр,  ушуга жооп берип коюңузчу?”, – деп сурады КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаев кечээ, 6-июнда парламентте КТРКнын гендиректору Илим Карыпбековдон.

“КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн атайын телеберүүлөрү жок,  бирок булар көрүнүктүү кишилер болгондуктан кээде бир иш чаралары болуп калса көрсөтүшүбүз мүмкүн. Ал эми башка иштер боюнча айтсам КТРКда 1000ден ашык киши иштейт, сиз айткан Чынара Капарова бир киши, ал кызматтан кеткен болсо сотко гана кайрылганды билбестен гезитке макала жазганды да билет., элге кайрылганды, социалдык тармактарды колдонгонду жакшы билишет… Мен ар бир кызматтан бошотуу тууралу чечимдериме жооп бергенге даярмын. Стеклопакет боюнча сиз өткөн отчетто да айткансыз кымбат болуп калды деп, биз жанагы дубалдарды бузуп, аны айнектештирүүнү 4 жылдан бери жасап келе жатабыз. Анын 2 жылын Эсеп палатасы текшерген, ал эми акыркы эки жылды азыр текшерип жатат, буйруса 29-июнда бүтсө силерге таркатып берет, кемчиликтер болсо жооп берүүгө даярмын”, – деди Илим Карыпбеков.

“Эмне үчүн баалары ар башкача? Бааларынан айрыма чыгып жатпайбы?” – деп такыды депутат Жолдошбаев.

“Мен арзан же кымбат алдым деп айта албайм, биз мыйзамдын чегинде алдык”, – деп жооп берди Карыпбеков.

“Антип калп айткандын кереги жок! Ал жерде 40-50 миң доллар айрыма чыгып жатат… мен ишкер катары муну жакшы билип турам”, – деп кайра жарга такады Жолдошбаев.

“Калп айтайын деген ниетим жок, калппы же чынбы бул Эсеп палатасынын текшерүүсүнөн кийин билинет да, андан башка сиздин коллегаларыңыз Көчмө студия жана башкалар тууралу айтышты, ал боюнча укук коргоо органдары, УКМКнын АКС кызматы келип текшерип кетишти. Эгер сиз стеклопакет боюнча шегиниз болсо укук коргоо органдарына жөнөтүп коюңуз…”, – деп актанды Карыпбеков.

“Мен барып жанынан көрдүм, ал жерде билинип турат баары… Сени КТРКнын кызматкерлери Гитлерге теңеп жатат, Илим качан кетет? Ушундан качан кутулабыз? Ошол күнү той кылат элек деп жатышат…”, – деди депутат.

“Карыпбеков КТРКдан 8 айдан кийин кетет, ошондо баары болот…” – деп капаланды Карыпбеков.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: